Жылдыз Жолдошова: “Өч алуу айлампасынан бул бийлик да чыга албай калды...”


-- Референдумда жаңы Башмыйзамды эл колдосо, анын мыйзамдуулугу шек жаратпайбы?
-- Башмыйзамды Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы шашпай кабыл алса, мыйзамдуу болмок.
-- Кымбатчылык күч алган кезде шайлоолорго карата саясый активдешүү туура элеби?
-- 11-апрелде мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Бул мыйзам. Баарыбыз мыйзамга баш ийишибиз керек. Ал эми кымбатчылык, каатчылык ал башка кеп. Ушул маселеде өкмөт катуу иштебесе, элдин чыдамы кетип баратат.
-- Кадр саясатына кандай баа бересиз?
-- Кадр маселесинде, тилекке каршы, көп катачылык кетип калды. Алмазбек Атамбаев айткандай, “экс-президенттерди жардан ары түртүп жиберген айрым кадрлар Садыр Жапаровду курчап алды” деген сөзүндө калет жок.
-- Чек ара меселелерин чечүүдө эмнеге басым жасалышы керек?
-- Чатак чыкпаш үчүн чек ара маселелери сүйлөшүү жолдору менен гана чечилиши зарыл. Ал эми Камчыбек Ташиевдин контрабанданы түп-тамыры менен жок кылуу боюнча жасаган иш аракеттерин колдойм.
-- Учурда саясый куугунтуктоолор болгон жокпу?
-- Аттиң! Өч алуу айлампасынан бул бийлик да чыга албай калды окшойт...
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити











