Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Ирилештирүүнү балким, санариптештирүү бүткөндөн кийин жасасак туура болмок”
-- Эмил Токтакунович, азыр бардык жерде аймактык административдик реформа жүрүп атпайбы. Бирок, сиздин бүгүнкү кеңешмеде айтканыңызга караганда, жер-жерлерде ага нааразы болгондор да бар окшойт...
-- Биз муну колдойбуз, мындай реформа керек. Бирок, күчкө салган болбойт. Кээ бир жерлерде, мисалы, Кара-Кулжа районундагы Ой-Тал айыл өкмөтүн Капчыгай айыл өкмөтүнө кошуп атат. Борбору Капчыгай айыл өкмөтү болот экен. Экөөнүн аралыгы 40 чакырым. Ортосунда чоң тоо бар, ар дайым кышында Тамчы деген жерден көчкү түшүп, бир-эки күн жол жабылып калат. Жайында да күн жааса жол бузулат. Биз реформаны статистика же эсеп үчүн жасабайбыз да. Катаал шартта жашагандарды эске алып, шарт түзүп берүү зарыл. Мен макулмун, түз жерлерде эки-үч айыл өкмөтүн бириктирип салсын. Бирок, тоолуу, чек ара аймагында жашагандарга ырахмат айтып, аларга шарт түзүп берүү кажет. Эл “30-40 чакырым жерге баралбайбыз, бизди кыйнабагыла, үнүбүздү жеткирип койгула” деп суранып атышат. Ошон үчүн мен бүгүн маселе көтөрдүм. Нааразы болгон жерлерди комиссия менен карап, туура чечим кабыл алуу керек. Ылайыктуулугун изилдеп, эгер эки айыл өкмөтүн кошкон максатка ылайык келбесе, анда бириктирбей эле коюш керек. Андан эчтеке өзгөрбөйт, эч нерсе болуп кетпейт. Максат – элдин шартын жакшыртуу да.
-- Азыр санариптештирүү доору эмеспи. Мурдагыдай справка үчүн айыл өкмөткө баруунун зарылдыгы деле болбой баратат. Балким, ушул жагынан алганда, айыл өкмөттөрүнүн ирилештирилгени туура эледир?
-- Санариптештирүү айылда эмес, али шаарларда да толук ишке аша элек. Айылдага 60-70 жаштагы кишилер кантип телефон менен иштейт? Алар сөзсүз конторго барып, көзмө-көз сүйлөшүшү керек. Санариптештирүү – бул бир жылдык эле иш эмес. Андыктан, айыл сөзсүз эске алынууга тийиш. Ирилештирүүнү, балким, ошол санариптештирүү бүткөндөн кийин жасасак туура болмок. Элди кыйнабаш керек да.