“Өзүмдөн кичүү баланын үйүндөгүлөр кандай кабыл алат?” деп чочулайм...

Мени кыжалат кылганы – өзүмдөн эки жаш кичүү бала көптөн бери “мага турмушка чыгыңыз” деп жанымды койбойт. Кызыма “кызыбыз” деп сонун мамиле кылат, аны сөз менен айтып жеткизе албайм. Өзү аябай жакшы бала, ичпейт, чекпейт, мурда үйлөнгөн эмес. Үйдүн кичүүсү экен. “Кичүүсү болсо эч нерсе эмес” дечи, мени ойлондурганы – өзүмдөн эки жаш кичүү иним менен тең. Өзүмчө кыжалат болуп, сезимдерин билгизсе эле кызыктай абалда болуп жатам. Мен да аны жактырам, бирок корком... “Жашап кете алабызбы? Үйүндөгүлөр кандай кабыл алат?” деп чочулайм. “Сизди бактылуу кылам. Коркпоңуз, баары жакшы болот. Баркыңызга жетем, аракет кылам. Үйдөгүлөр каршы болбойт, кыжалат болбоңуз” дейт. Тартынып, уялып, байкуш балага эмне деп айтарымды билбей, “буюрса” деп коём. Кандай кадамга барсам?..
Айдай
"Азия Ньюс" гезити