Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен МАМАТАЛИЕВ, ЖК депутаты: “Бул мыйзамда биз айдоочулардын өзүн камсыздайбыз”

Марлен МАМАТАЛИЕВ, ЖК депутаты: “Бул мыйзамда биз айдоочулардын өзүн камсыздайбыз”

13-декабрь, 23:31
431 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


-- Марлен мырза, силер демилгелеген “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтү эмне себептен узартылды?

-- Бул мыйзамда биз автоунааларды эмес, айдоочулардын өзүн камсыздандырганбыз. Мурда мындай жок болчу. Бул 2020-жылдан баштап ишке кирмек эле, бирок, бүгүнкү күндө элге толук маалымат жетпей, калк да буга даяр болбогондугуна байланыштуу биз жылдырып жатабыз. Бул мындай да, албетте, Кудай сактасын, бирок, кырсык болуп, транспорт ээси отурган машинаны башка бир машина сүзүп алса, ал машинанын өзүнө 100 миң сомдой төлөм төлөнүп берилет. А эгер унаа ээси жабыркаса, анын өзүнө 200 миң сом төлөнөт. Дагы башка төлөмдөрдү кошкондо бир жылда жалпы жонунан 500 миң сомдой алат.  Унаа ээси болсо болгону үч миң сомго камсыздандырып коёт.  

-- Эл даяр эмеспи, же бюджет даяр эмеспи? Себеби, акча аябай эле көп кетсе керек?

-- Мунун бюджетке тийешеси жок. Камсыздоо камсыздандыруучу компаниялар аркылуу жүргүзүлөт. Жогоруда айтылгандай, эл камсыздандырууга 2-3 миң сомдон төлөп атпайбы, ошонун алкагында бюджет түзүлөт.  

-- Ошондо бул мыйзамдын ишке кириши канча жылга жылдырылып жатат?

-- Эки жылга.  

-- Эки жылдан кийин эл даяр болот дейсизби?

-- Андан ары жылдырганга мүмкүнүлүк болбойт. Өкмөт элге жакшы түшүндүрө албай, маалымат азыраак болуп калган.  

-- Башка өлкөлөрдө барбы ушундай тажрыйба?

-- Бүт өнүккөн мамлекеттерде бар. Ал эми КМШ өлкөлөрүн карасак, Казакстанда, Украинада, Россияда, Беларуста бар.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер