Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АКШ Атамбаевге таарынычын Жээнбековдон чыгарып атабы?

АКШ Атамбаевге таарынычын Жээнбековдон чыгарып атабы?

23-январь, 18:17
666 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ түнү дүйнөлүк чоң жаңылыктарда кайра мекенибиздин аты аталды. Дональд Трамп келерки дүйшөмбү күнү жарыялачу АКШга визага тыюу салынчу мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстан дагы бар экен. Бул кабар АКШ жергиликтүү жана дүйнөлүк ММКларында кенен тарап, “дуу” эле болуп калдык. 

Кээ бир түшүнбөгөндөр муну “АКШ азыркы бийликке нааразы экен” дешип, кайдагы бир геосаясый себептерди издеп башташты. Чындыгында, бул Алмазбек Атамбаев жана Сапар Исаковдун бир тараптуу, сокур саясатынын кесепети. Так ошол өткөн өкмөт АКШ менен кызматташууну толук тоңдуртуп койгон. Анан Дональд Трамп кайсы бир жаңы мамлекеттердин тизмесин талап кылганда, АКШ ички иштер департаменти жана Пентагон Кыргызстанды сунуштаганы таңкалычтуу эмес. 

Биздин мамлекет Иран жана Венесуэла катары каралып калганы, бул АКШ менен биздин атайын кызматтар толугу менен кол үзгөнүндө. Дүйнөлүк супер держава мындай мамилени кечирбейт жана жөн койбойт. Алар үчүн “ким биз менен болбосо, алар бизге каршы” деген көз карашын карманганы эчактан эле белгилүү. 

Сапар Исаков тышкы иштер боюнча кеңешчи катары Атамбаевди бир гана Россияга сыйындыртып жүрүп, бүт башка мамлекеттер менен алыстатканын жакшы билебиз. Жаңы бийлик азыркы учурда Тажикстан менен Казакстандан мисал алыш керек. Алар дагы ОДКБга активдүү мүчө болсо дагы, АКШ менен терең кызматташуу программаларына тынбай катышышат. Өзбекстан жүз миллиондогон долларга курал-жарактарды дайыма алып турушат. Өткөн аптада эле АКШ Тажикстанга жардам көрсөттү. Биздин башкы штабдын генерал сөрөйлөрү ошону көрүп атышты бекен?..


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер