Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » AI: “Талибдер ооган кыз-келиндеринин жашоосун талкалап жатат”

AI: “Талибдер ооган кыз-келиндеринин жашоосун талкалап жатат”

27-июль, 18:44
544 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган) адам укуктарын "муунткан" кадамдары оогандык кыз-келиндердин өмүрлөрүн талкалап жатат. Ушундай мазмундагы баяндаманы “Amnesty International” (AI) эл аралык укук коргоо уюму шейшембиде жарыялады.

Докладдын авторлору былтыркы сентябрдан быйылкы июнга чейин ооган аялдарынын абалын иликтеп чыгып, 90 аялды жана 11 өспүрүм кызды сөзгө тарткан.

Эл аралык коомчулук былтыр бийликти кайрадан басып алган талибдердин өкмөтүн таанууну четке кагып, адам укуктарын урматтоого чакырып келатат. АКШ жана өнөктөштөр миллиарддаган доллар жардамын токтоткон жана Ооганстандын улуттук банк эсептерин убактылуу тоңдуруп койгон.

Башында өзүн 1996-2001-жылдарга караганда байистүү кылып көргөзүүгө аракеттенген кыймыл кыздардын жетинчи класстан кийин мектепке баруусуна, аялдардын иштөөсүнө тыюу салган, кыз-келиндер паранжы кийип жүрүүгө милдеттендирилген, өкмөт жалаң эркектерден куралган.

“Amnesty International” талибдердин тушунда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар корголбой калганын, кымындай эреже бузуулар үчүн кыз-келиндерди кармоо, секелек кыздарды күйөөгө берүү учурлары көбөйгөнүн белгилейт.

Докладдын авторлору өз укуктарын тынч коргоп чыккандар кармалып, куугунтукка, кыйноолорго учураганын, айрым учурларда дайынсыз жоголгонун жазышты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер