Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбек Акун: «Шайлоо системасын туура өзгөрткөнүбүз үчүн жаштар көбүрөөк келди”

Турсунбек Акун: «Шайлоо системасын туура өзгөрткөнүбүз үчүн жаштар көбүрөөк келди”

28-декабрь, 09:30
1 169 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турсунбек айгай, шайлоо болгон сайын мониторинг жүргүзчү элеңиз. Бу сапар парламенттик шайлоо кандай өттү? Шайлоонун жыйынтыгына ынансак болобу? 

-- Быйылкы шайлоо чыны менен өзгөчө болду. Мамлекет башчысы Кыргызстандын жалпы элине кайрылып, республикалык штабды чогултуп, “таза жана акыйкат шайлоо өткөрөлү. Мамлекеттик кызматкерлер шайлоого кийлигишпесин, административдик ресурс колдонулбасын, добуштар сатылып алынбасын” деген чоң демилге менен чыкты. Өзү ошол иштин башында туруп, чиновниктер мурдагыдай шайлоого кийлигише турган болсо, катуу чара көрүлөрүн эскертти. Чын эле бир-эки чиновникти жазалады. Бул жагынан президент шайлоонун таза өтүшүнө болушунча аракет кылды. “Келечекке жол” деген мен жетектеген улуттук кыймыл да быйыл шайлоого байкоо жүргүздүк. Төрт тараптуу келишим түзүүгө жетиштик. Мурда шайлоого катышып жаткан партиялар бири-бири менен келишим түзсө, быйыл БШК, өкмөт да келишимге кол койду. Буюрса, мындан аркы шайлоолордо дагы төрт тараптуу келишим түзүүнү, шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле кылганды салтка айлантабыз деген ойдомун. 

-- Өкмөттүн шайлоо штабы шайлоону жакшы өткөрүүгө чын эле шарт түздүбү? 

-- Ооба. Өкмөт дагы төрт тараптуу кол койгонуна байланыштуу бардык шартты түзүп берди. 2400дөн ашык шайлоо участкаларын камдады, ковидге каршы гигиеналык шарттарды түздү. Кыскасы, шайлоодо тийиштүү бардык нерсени жасап беришти. БШК дагы бюллетендерди даярдап, күнү-түнү иштеди. Кыскасы, шайлоо боюнча жогорку деңгээлдеги даярдык көрүштү. Ошон үчүн БШКны бир жактуу жамандай берген болбойт. Шайлоо бардык талаптарга жооп берген үчүн чет элден келген байкоочулар “Кыргызстандын шайлоо системасы эл аралык талапка жооп берди” деген баасын беришти да. 

-- Кол менен саноо адилеттүү болду деп ишенсек болобу? 

-- Албетте, адилеттүү болду. Кол санак шайлоого болгон күмөн саноону четке каккансыды. Эң негизгиси, кол санак менен сервердеги жыйынтык бирдей чыкты. Бирок, гендердик маселе боюнча да маселе жаралды. Айрыкча жобону шайлоого жакын өзгөртүлгөнү да түрдүү ойлорду пайда кылды. Негизи 28-ноябрга чейин өзгөрткөндө туура болмок. 

-- Сервердин айынан шайлоо күнү нааразы топтор чыккан эле. Аларды ким эпке келтирди? 

-- Сервердеги катачылыктан кийин кээ бир партиялар пикет, митинг уюштурушту. Түрдүү талаптарды коюшту. Ошондо “Келечекке жол” улуттук кыймылы БШКнын, өкмөттүн жана нааразы болгон партиялардын өкүлдөрүн чакырып, эки жолу жолугушуу уюштурдук. Нааразы болгон тараптын да, катачылыктын чоо-жайын түшүндүргөн тараптын да пикирин айтууга аянтча түзүп, компромисске келүүгө шарт түзүп бердик. 

-- Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын деңгээли кандай болот деп болжоп жатасыз? 

-- 6-чакырылышка караганда 7-чакырылыштын сапаты жогору болот деп ойлойм. Анткени, бул жолу шайлоо системасын туура өзгөрткөнүбүз үчүн 20-30 жылдык тарыхы бар партлидерлерге караганда 20 миң добуш алган жаштар көп келди. Эрулан Көкүлов, Медер Алиевдер сабаттуулугу, жөнөкөйлүгү, элдин жүрөгүнөн орун алганы үчүн көп добуш алышты. Мирлан Самыйкожо каражаты жок болсо да тили, билими менен элди ынандыра алды. Тилекке каршы, бул чакырылышка эл арасында сынга кабылган депутаттар да келди. Бирок, алар да өз округунда кошкон салымы үчүн элдин добушуна ээ болушту. 

-- Баса, айрым депутаттар “Кумтөр парламентке келип отчёт бербейт. Канча каражат тапканы белгисиз” деп чуу түшүп жатышат го? Кумтөр өзүн өзү билип, өтүгүн төргө иле баштадыбы? 

-- Кумтөр – бул өндүрүштүк ишкана. Өндүрүштүн ишин саясатташтырсак, өндүрүш алдыга жылбай калат. Ошон үчүн өндүрүштү саясатташтырбашыбыз керек. Биздин парламент болсо Кумтөрдү саясатташтырып, анын жетекчилигин кайра-кайра чакырып, “алардан отчёт алабыз” деп убара болуп жатышат. Бул туура эмес. Эми Кумтөргө ашыча киришип, тоскоолдук жаратпаганыбыз оң. Себеби, президенттик дагы, парламенттик шайлоодо дагы элдин добушун алуу үчүн көп саясатчылар Кумтөрдү кеп кылышчу. Кумтөр мамлекетке өттү, эми аны саясатташтырбай, ийгиликтүү иштешине салым кошконубуз маанилүү. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер