Акыркы кабарлар
» Саясат » Дубанаевдин баласы коррупцияга айыпталса, өзү “акылманга” айланганда
Дубанаевдин баласы коррупцияга айыпталса, өзү “акылманга” айланганда
12-ноябрь, 17:00
825 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Эсиңерде болсо, Садырбек Дубанаевдин баласы Адилет Дубанаев салык кызматынын төрага орун басары катары иштеп атып, 4,8 миллион долларды коромжуга учуратып, коррупцияга батканы үчүн кармалган. Беш айдан бери камакта жатат. Максатсыз коротулган мамлекеттин каражатын кайрадан кайтарбаса, УКМК оңой менен эле коё берип жибербейт да, туурабы? Ушундай. Иш жүзүндө баласы оор айыпка жыгылып, бетке чиркөө ишарасына кабылса, Садырбек Дубанаев ири мааракелерге катышып, билмексен болуп жүрөт. Уялбайбы? Албетте, баласы үчүн атасы жооп бербейт. Бирок моралдык жагы бар да. Намыстанбайбы? Же кайрадан бийликке кошомат кылуу таризинде коррупцияга баткан ишти будамайлоо жандалбасына барабы? Мыйзам бар да. Эл карап турбайбы.
"Азия Ньюс" гезити