Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чачын ак баскан орто жаштагы улуу адамдай жандүйнөсүн ой басты...

Чачын ак баскан орто жаштагы улуу адамдай жандүйнөсүн ой басты...

18-июнь, 12:50
1 326 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуу тоолордо бир жалгыз карышкыр жүрөт. Түгөйүнөн айрылган жалгыз карышкыр пайда болду...

Ал бул ааламда, бул жарыкчылыкта жападан жалгыз калгандай улуу тоолорду кезип жүрдү. Түнкүсүн айды күттү. Айдын жарыгынан да түгөйүн издеди. Айлуу түндөрдө да түгөйүн күттү. Ак кар баскан улуу тоолордун кары эрип, мемиреген жаз мезгили келди. Арчалар көгөрүп, күндүн нуру магдыраткан жай күндөрү өттү. Кайрадан баары саргайды, баары төгүлдү. Баары күбүлдү. Бир улуу түнү ааламды ак кар басып калды. 

Жалгыз карышкыр чачын ак баскан орто жаштагы улуу адамдай жандүйнөсүн ой басты. Шишимик тарткан көздөрү алыска мелтиреп тигилет. Көпкө тигилет. 

Узак, муздак түндөргө карабай түгөйүн издегени издеген. Сагынганы сагынган. Саргайганы саргайган. Түгөйү алыскы бир өлкөлөрдө капаста камалып жатканын кайдан билсин? Кээде бөрү ушунчалык кыйналганда түгөйүн чакырып, түндү жаңыртып, улуу тоолорду жаңыртып улуп алат. Болушунча боздоп, болушунча ыйлап алат. Түгөйүн жоготуп кусалыкка, сары ооруга баткан бөрү жем издеп, кадимки жырткычтарча алсыз жаныбарларга кол салганды да токтотту. Суу да ичпеди. Жандүйнөсү болушунча сыздайт. Кезиккен баардык оорулардан да жаман сыздап түгөйүн издей берди. Күндөн-күнгө көздөрүнүн нуру өчүп баратты. Бактылуу өткөн күндөр козүнө элестейт. Улуу таңда күндү тоскон бактылуу элестер дем-күч берет. Ошол күндөргө баргысы келет. Чагылгандуу, жамгырлуу, карлуу түндөрдүн баары тугөйү менен бирге жүргөн бактылуу күндөрдү элестетет. Урүл-бүрүл таң агара баштаганда кайрадан тугөйүн издөөгө аттанат. Ал тоолорду, токойлорду кезди. Бүтүндөй ааламды айланып өткөнсүдү. Бирок бир сыйкырдуу керемет болуп кетпеди. Каргашалуу бир күнү жоготкон түгөйүн эч жерден кезиктире албады. Ал баардык күчүн жумшады. Жамгырга, карга калып улуду. Ыйлады. Боздоду. Издеди. Күндөн-күнгө ал үчүн жашоонун маңызы жоголуп баратты. Кусалыктан күчөгөн дарт аны биротоло алсыратты. Эч нерседен коркпогон, эч нерседен сынбаган кайран бөрү сынып баратты. Ошентип, анын жашоосуна жарык шоола калбай тунарып баратты. Түгөйү табылбасына көзү жеткен, биротоло баарынан үмүтү үзүлгөн байкуш бөрүнүн кышкы түнгө тоңгон өлүгү жатты. Армандуу бөрүнүн өлүгү жатты. Мына карышкырдын жандүйнөсү, сүйүүгө бекемдиги. 

Биз адамдарчы бул бөрүдөй болмок кайдан? Жайнаган түнкү көпөлөктөр, сүйүүгө да, жашоого да жеңил караган адамдар. Бири-бирине болгон таза сезимди булгагандар бул дүйнөгө жык толгон. Сүйүүнү, таза сезимди баалабагандар толуп алышкан. Карышкырча түгөйүнө таза сезимин сактаган асыл адамдар чанда гана кездешет. Бул жарык дүйнөгө бир гана келебиз. Адамдар бири-бирибизди баалай билеличи? Сезимдерди таза сактасак не?..

Самара К.

 Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер