Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңешти кантип коркутту?
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров 24-ноябрга белгилеген Бишкек шаарынын эски аянтында өтө турган элдик талкуу болбой калгандыгын Элдик курултайдын өкүлдөрү билдиришти.
Алардын айтымында Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери референдум боюнча мыйзам долбоорун кароого алгандыктан, элди чогултуунун зарылчылдыгы жоголду.
“Депутаттар референдум боюнча мыйзам долбоорун кароого алышыптыр. Биз парламент менен конструктивдүү диалогду улантабыз», — дейт курултайчылар.
Эскерте кетсек, Элдик курултай конституцияга өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштайт. Бул боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал 10 миң шайлоочунун колу менен Жогорку Кеңешке киргизилген.
Ал эми Азимбек Бекназаров жакында эле 10 миң адамды эски аянтка чыгара ала турганын жар салган. Жогорку Кеңеш Бекназаровдун элди чогултаарынан чочудубу, төрт ай карабай жаткан референдум боюнча сунуштаган мыйзам долбоорун эми гана карай баштаптыр.