Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Мырза: “Центерранын” көргөн аракеттеринен майнап чыкпайт”

Айбек Мырза: “Центерранын” көргөн аракеттеринен майнап чыкпайт”

03-сентябрь, 21:25
1 479 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кумтөрдөгү туунду компаниялар “Кумтөр Голд Компани” (КГК) менен “Кумтөр Оперейтинг Компани” (КОК). 25-августта Нью-Йорктун Түштүк районунун банкроттук сотуна Кыргызстандын өкмөтүнө мыйзамсыз камакка алууга байланыштуу күнүнө 1 миллион доллар айып пул төлөө талабы менен кайрылышкан. Бул тууралуу эл аралык сайттарга жарыяланды. 

-- Кумтөрдөгү туунду компаниялар кыргыз өкмөтүнө күнүнө ири суммада айып пул төлөтүү талабы менен чыгышты. Бул аракеттерге кандай пикирдесиң?

-- Менин оюмча, бул эч кандай майнап чыкпаган аракеттер. Кылмыштык иштерин жабуу, Кумтөрдү кайра кайтарып алуу үчүн баардык жандалбастарын кылып жатышат. Бирок эч кандай жыйынтык чыкпайт. Кумтөрдүн 2003-2009-жылдардагы келишимдери коррупциялык келишимдер болгон. Аны коргоо органдары тергеп, иш жүзүндө аныктап жатышат. Соттун дагы чечимдери чыкса, бул келишимдер денонсацияга дуушар болот. Ошондо биз денонсацияласак, “Центерра”, “Камеко” менен болгон келишимдер жокко чыгарылат.

Өзүнөн-өзү кайра башынан келишимдерди түзгөнгө мажбур болушат. Биздин мамлекет тарап мыйзамдуу деген пикирдемин. Анткени “Центерранын” жетекчилиги Кумтөрдү ара жолго таштап кеткенден кийин биз тышкы башкаруу киргизе алабыз. Акыры элдин пайдасына чечилет. “Центерранын” көргөн аракеттеринен майнап чыкпайт. Кандай гана сот болбосун, чечим чыккан күндө дагы биз алардын чечимин аткарбоого укугубуз жетиштүү. Биз суверендүү өз иммунитети бар өлкөбүз.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер