Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Геотермалдык насосту колдонсок, жылытууга айына 3 миң сом гана кетет”

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Геотермалдык насосту колдонсок, жылытууга айына 3 миң сом гана кетет”

16-февраль, 18:40
1 254 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен Абдырахманович, ыштан арылуунун эң сонун жолу бар экенин айттыңыз. Ал кандай жол?

--Биз ыш менен күрөшүү максатында 50 миллион доллар кредит алганбыз. Ошонун 32 миллиону көмүр пайдаланган үйлөрдү жылытуунун башка түрүнө өткөрүүгө жумшалмак. Башкача айканда, жаңы конуштарда жашаган, газ жетпеген карапайым калкка багытталган. Азыркы күндө карапайым тургундар көмүр колдонгондо жылына 30 миң сом, газ колдонсо айына 25 миң сом коротот. А эгер жана мен айткан геотермалдык жылуулук насосун колдонуп, жылуулукту жер астынан алчу болсок, айына көп болсо 3 миң сом кетет. Көрдүңүзбү, кандай сонун нерсе! Бирок, өкүнүчтүү жери, каржы министрлиги ал каражатты “банктар аркылуу 10 пайыз менен кредит түрүндө берели” деп жатыптыр. Натыйжада, ал акча кайра эле байлардын колуна тийиши мүмкүн. Ошол эле депутаттар алышы ыктымал. Ошондуктан, социалдык коргоо министрлигинен тизмени алып, колунда жокторго коюп берүү боюнча маселе көтөрүп жатабыз. Натыйжада, кредит да жабылат, ыштан да арылабыз.

-- Жылытуу насосторун орнотууну ким ишке ашырат?

-Өзүбүздө бар экен ошондой компаниялар. Жабдуулар да келиптир. Болгону алар кимге коёт?” деген маселе турат. Биз артынан түшүп, биринчи кезекте колунда жокторго коюлушун көзөмөлдөйбүз. Ишти Кудай буюрса баштадык.    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер