Нургүл Акимова: “ККМ боюнча өкмөт улам компромисске барууда”


-- Учурда ККМ боюнча бийлик менен элдин келишпестиги болууда. Ал арада президент да өз пикирин билдирип кетти. Эксперт катары кандай көз караштасың?
-- ККМ негизинен дүңүнөн сатуучуларга жана кийим сатуучуларга гана кире тургандай болуп калды. Калган азык-түлүк саткан майда дүкөндөргө бир топ эле жеңилдиктер болууда.
ККМ боюнча жакында дагы жаңы чечим кабыл алынды. Президент өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кайрылып, эгер ишкерлерге оорчулук туудурган жагдайлар болсо, аны жеңилдетүү жактарын караштырууну тапшырды. Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы ККМди киргизүүгө колкабыш кылышы керектигин эскертти.
“Силер дагы баарын тактап, салык кызматына кайрылып, жагдайды түшүнүп алып, аны элге жеткирип турушуңуздар керек. Дүйнө эбак өткөн электрондоштуруу системасына, Кыргызстан дагы өтүшү зарыл. ККМ аппараттарын киргизүү – бул бир гана салык үчүн керек эмес. Бул товарлардын сапатына карата элдик көзөмөл” деп белгиледи.
Негизи элдин нааразычылыгын угуп, өкмөт улам компромисске барып жатат. Көп жылдан бери патент менен иштегенге практика бар да, ошон үчүн ага ишкерлер көнүп алган. Башка татаал жолдорун кабыл алгылары келбей турат.
Баарын тажрыйба көрсөтөт. Бул жакшы демилгеби, жаманбы? Кандай таасири бар? Экономиканын деңгээли көтөрүлдүбү, ишкерлердин иши жакшырдыбы? ККМ кандай жеңилдиктерди тартуулады? Кандай мүмкүнчүлүктөрдү түздү? Мунун баары ишкерлер ККМге жапырт өтүп, иш жүргүзүлгөндөн кийин билинет.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











