Акыркы кабарлар
» Саясат » Жол тыгыны жанга батты, урматтуу Айбек Жанышбекович!
Жол тыгыны жанга батты, урматтуу Айбек Жанышбекович!
30-сентябрь, 00:41

Бишкектиктердин өмүрү жол тыгында (пробкада) туруп эле өтүп кетмей болду. Калаа башчыбыз Айбек Жунушалиев кызматка келгенде, ал кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров биринчи кезекте жол тыгынын жоюуну тапшырган. Дээрлик “пробка” көйгөйүн чече албаса, кызматтан кетерин да эскерткен жайы бар. Тилекке каршы, Айбек Жанышбекович жол тыгынын азайтпай эле үч-төрт эсеге көбөйтүп салды. Дегенибиз, жолдорду оңдоо максаты менен бир учурда ондогон көчөлөрдү жаап алып, аны пландалган мөөнөттө бүтүрө албай, шаардыктарга оңбогондой көйгөй жаратып жатканы сокурга да көрүнүп турбайбы! Мейли, Жунушалиевди кызматтан албай эле коюшсун, бирок караң калгыр катуу сөгүштү Бишкектин мэрине эмнеге “ыраа” көрбөй жатышканы бизге түшүнүксүз. Урматтуу Айбек мырза, элдин убал-сообунан коркуп, бул маселени чечүүнү колго алыңыз, айрыкча азыр окуучулар жол тыгынын жонтериси менен сезип, мектепке баргандан заарканып калышты. "Азия Ньюс" гезити











