Алмазбек Акматалиев: “Шайлоо жарышына катышууга “Кыргызстан” партиясынын мүмкүнчүлүгү бар”
Саясый серепчи, президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору менен маек.
-- Буга чейин “Кыргызстан” фаворит партия катары белгиленип, алардын сөзсүз парламентке келери айтылып жаткан. Бирок, баарыбыз күбө болгондой, БШК партияны жарыштан четтетти. “Кыргызстандын” сотко кайрылганы туура болобу?
-- “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев айткандай, алар сотко кайрылат го... Бул эң туура жол, жаңжал, чыр-чатагы жок, сотко даттануу укуктук жана саясый маданияттын белгиси болот.
-- Сотко кайрылганда аны кароо процесси кандай болушу мүмкүн? “Кыргызстандын” пайдасына чечилсе, алар шайлоого катышканга үлгүрөбү?
-- Мен билгенден, мындай ишти соттор тез карап берүүсү абзел. Эми сот кандай чечет, муну эч ким айта албайт. Эгер партиянын ишенимдүү адамы ошол күнү ооруп калганы, башка кишиге ишеним кат (доверенность) жазып берип, ал киши документтерди БШКга алып барганы чын болсо, анда партиянын кайрадан жарышка катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Муну далилдей албаса, шайлоодон биротоло четтейт. Бул жерде бир нерсе маанилүү: сот саясый кызыкчылыктан оолак болуп, тек гана мыйзамдын, фактынын негизинде чечим чыгаруусу абзел, эч ким сотту кысымга албаш керек.
-- Соттон утуп келсе, кайрадан электоратынын ишеничине кирип, жетиштүү добуш ала алабы?
-- Эми аны шайлоо процесси көрсөтөт. Бир чети, партия чоң шалаакылыкты көрсөттү, бул жагдайды өздөрү түзүп алды.
-- “Кыргызстан” шайлоого катышпай калса, кайсы партияда мүмкүнчүлүк пайда болушу ыктымал?
-- Азыр баардык эле партиялардын мүмкүнчүлүктөрү бирдей көрүнөт, баары эле жаш, таза, жаңы адамдарды алдыңкы катарга коюшту. Административдик ресурстун да бу сапар таасири өтө чоң болбойт! Бийлик, президент кайсы партия келсе да иштешерин эки-үч жолу белгиледи. БШКнын бүгүнкү чечимине бийлик киришпегени даана көрүнүп калды. Бул жакшы жышаан. Саясый маданият ошондой болушу зарыл, өзгөчө пандемиядан соң.
-- Бул кырдаалдан башкалар кандай сабак алышы керек?
-- Ар бир партия бул окуядан чоң тыянак чыгарышы маанилүү. Шайлоо – бул той эмес, кечиксең киргизбей коёт...
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити