Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Суу түтүгү тартып кеткен жигит көпчүлүктү сыздатты

Суу түтүгү тартып кеткен жигит көпчүлүктү сыздатты

28-июль, 23:12
2 963 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Социалдык түйүндөрдө Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы “Золотые пески” пансионатында суу түтүгү тартып кеткен жигиттин сүрөтү жарыяланды. Каргашалуу окуянын күбөлөрү жигит жардам сурап кайрылганы менен эч ким жардам бере албай калганын айтышкан. Маркум Стас болгону 18 жашта болгон.

“Ал жакта бардыгы эле сүзүп жүрүшкөн. Ал чоң түтүктө эч кандай тосмо же тор жок болчу. Тергөө башталды, бирок бул Стасты бизге кайтарып бере албайт да. Ал жардам сурап айгайлап жатты, биз анын колдорунан тарттык, бирок түтүк болбой эле соруп кетти” деп жазышкан интернет колдонуучулар.

Эске салсак, 27-июлда аталган пансионаттагы аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы С.С. аттуу жигитти соруп кеткен. Жерине куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери жана эс алуучулар тартылган. Түтүкчөнү кесип, маркумдун жансыз денесин алып чыгышкан.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер