Бишкек мэри Айбек Жунушалиев “коррупционер-бюрократтардын” курмандыгына айланабы?
“Кадрлар баарын чечет” деген Стакеңдин сөзү бизде тескери айланып калгандай. Баш калаабыз мэрге жарыбады. Улам бир келгени көпкө отура албай, иш билбестиктин кургуюнда калышууда. Мэр Айбек Жунушалиев болсо эски катачылыктарды оңдой албай, оңкосунан кетүүнүн образын түзө баштагандай...
Бишкек мэриясы төрт айдан бери жол кире баасын чече албай баштарын катырып жатышат. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиясында вице-мэр Русланбек Акылбеков жол киренин баасын көтөрбөсө, бусиктер иштебей кетип жатканын маалымдаган. Чындыгында бул жалаң эле тариф көйгөйү эмес. Шаардын коомдук транспорт маселеси 30 жылдан бери чечилбей келатат. Жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус парктары таланып-тонолуп кеткен, мэрия “коомдук транспортту толугу менен жеке менчик фирмаларга өткөрүп берсек эле бул маселеден кутулабыз” деген ниет менен “шапкесин” алып, биротоло менчикке (троллейбустан башкасын) беришип, жандары тынганы менен көйгөй чечилбей, улам тереңдеп баратканы кандай? Себеби, бусиктер менен мегаполистин жүргүнчүлөрүн ташый албайсың, ал болгону шаардагы транспорт тыгынына кошул-ташыл болууда. Шаардын “коррупционер-бюрократтары” транспорт сатып алуудан “жей” турганын көрсөтүшүп, кытайдын шалдыраган автобустары менен далилдебеди беле? Бу жолу да Ташкент, Самарканддын чет жакаларына, айылдарга жүрө турган автобустарын сатып алышты. Эми ушул 20-30 кишилик автобустардын бусиктерден эмне айырмасы бар? Бул жерде да коррупция жыттанып турат...
Шаардын тазалыгы, жашылдандыруу, элди маданияттуу тейлөө, транспорт тыгыны көйгөйлөрү мэриянын түшүнө кире элек, алар 4 миңге жакын бусиктин уюлдук телефономания менен “ооруган” шопурларына көз каранды болуп, эптеп тарифти көтөрүп берип, бир баш оорудан кутулуунун амалын ойлошууда...
Мындан сырткары, Бишкектин ондогон көчөлөрүнө асфальт төшөлүп атканы белгилүү, жумуш ырааттуу жүрбөй, чар-жайыттык уланып, создугуп кетти. Жол куруу иштери сапатсыз жүрүп атканы соцтармакта кызуу талкууну жаратууда. Кыскасы, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ишти шыр алып кете албай, эски системанын курмандыгына айлануу менен элдин нааразычылыгын жаратканы калды окшойт...
"Азия Ньюс" гезити