Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жазгүл Жамангулова: “Баардык аялдар бакытты күтүшөт, бул алардын азабы...”

Жазгүл Жамангулова: “Баардык аялдар бакытты күтүшөт, бул алардын азабы...”

22-февраль, 12:21
1 418 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Журналист Жазгүл Жамангулова айымдар тууралуу пикирин жолдоду:

Журналистиканы бүткөн кезде аялдар менен иштешип калам деп эч ойлогон эмесмин. Бул мүмкүн менин эмес, Кудайдын планыдыр. Күндө кызыктуу кыздар менен кезигем, сүйлөшөм, кат жазышам. Кечээ мага мындай кат келди, ким бирөөгө пайдасы тийер деп жазып жатам. «Турмушка чыкканыма 6 ай болду. Күйөөм менен мамилем салкын. Жумуш – үй, жумуш – үй. Мен аны бактылуу кылат деп ойлогом, азыр аны күн сайын жек көрүп баратам…» деген. 

Сөз алды үй-бүлө куруу – кошуна менен чай ичүү эмес экенин эстетейин. Бул – искусство, бул бакыт менен бактысыз мүнөттүн, сүйүү менен сүйүлүүнүн, жек көрүү менен кусанын, жеңилүү менен жеңиштин, таарынуу менен тамашанын, күчтүүлүк менен алсыздыктын ширелишинен турган тирукмуштуудай изденүү усулудур. Мүмкүн жашоонун арабасын бир жолго салып кыңылдап бараткандарды көрүпкөптөрү сыртынан суктанып, сыртынан көз артар. Сөз кылар. Бирок Жараткан чоңго чоңдой, кичинеге кичинедей, алсызга алсыздай, арсызга арсыздай кайгы, азап, сыноосу менен келет, ийлейт, жакалайт, эсиңе келтирет, АДАМ кылат! Бул сыноо менден да кыйгап өткөн эмес. 

Баардык аялдар бакытты күтүшөт, бул алардын азабы. Баардык кыргыз жигиттери бакыт тууралуу акыл деле калчашпайт, бул да доорлордун катасы (албетте, соңку учурда бир аз акыл калчагандар бар, бирок аз). Арада бакытты үй, машина, курсактын токтугу деп түшүнгөн салттуу түшүнүктөр бар. Биздин апалардын бактысы – аталар ичпей, тынч уктаган күн болчу. Ооба, биздин бактыбыз башкачадыр… 

Бирок мен бакытты күтүүгө эмес, арноого чакырам. Арналган дүйнөнүн өзүндө бакыт да, сүйүү да, береке да, ыраазычылык да, кут да, жакшылык да мол. Жакшы сөз уккуң келеби? Алды өзүң адамдарга жакшы сөз сүйлө. Жакшы мамиле көргүң келеби? Оболу өзүң айланага жакшы мамилеңди тарат. Белек алгың келеби? Биринчилерден болуп өзүң жакшы сөздөн букет жасап башкаларга сун. Ошондо бул аалам сага жакшылыгын жаадырат. «Мен кандай бактылуумун, анткени мен эч кимден эч нерсе күтпөйм!» дептир Шекспир ава (ушул сөз мода болгон үчүн айттым). Күтпөй, арналууну, сүйүүнү, белек кылууну үйрөнөлү. 

Тарыхта жары үчүн жаштыгын, тагдырын курман чалган энелер көп. Бул алардын бактысы да, азабы да бир саам. Бактысы – арналган иши эселеп жакшылык алып келгени, азабы – ал-күчүн жоготкону, ден соолугунан кыйналганы. Бүгүн биз мүмкүн илгерки берешен апалардан айырмаланып сүйүү менен катар сүйүлүүнү унутпайлы. Кызмат кылалы, бирок кул болбойлу. Жарды сыйлайлы, бирок андан сый көрөлү. Улуу жеңиштер үчүн майда жеңилүүгө, майда курмандыкка, майда арналууга, майда жардамдашууга баралы… 

Ажырашууну эч качан колдогон эмесмин, ажырашпоо үчүн, уялардын бузулбашы үчүн утурумдук жеңилүүгө баруу – ар бир кызды баатырга айлантат. 

Урматтуу окурманым, кыздар, сиздер эртеңки мээрим баатырысыңар! Негизи, бакытты мээримдүү адамдар жаратат, мээримдүүлөр бактылуу болууга үйрөтөт. Мээримдин күчүнө нечен эрдин башы ийилген. Себеби, жигиттерге Кудайым мээримге караганда күчтүн доозасын көп бергенин унутпайлы! 

Сүйдүргүлө жана сүйүктүү болуп жашагыла, алтындарым!”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер