"Жоо аяган жаралуу" дейт. Асылбек Жээнбеков саясатка активдүү аралашса...

“Карышкыр жесе-жебесе да оозу кан” дейт. Себеби, ал жырткычтардын ичиндеги сырттаны, сүрдүүсү! Көкжал да... Анын сыңарындай, биздин саясатта Асылбек Жээнбековго байма-бай асылуу, асыресе, маалыматтык чабуул күчөп, чүнчүтүү аракеттери көрүлүп келет. Күчтүү адамдын душманы көп болот эмеспи. Биздин баамыбызда, ал кадр саясатына, аткаруу бийлигине кийлигишпегени белгилүү. Бирок, болбой эле президенттин иниси катары суу кечпеген жалааларга кабылып келет. Эмне кылуу керек? Күрөшүү милдет... Бир жагынан алганда, бийликте бел болчу кадрлардын катары жокко эсе, дээрлик кошоматчы, саткындар толуп алышкан. Аламанга карай көпчүлүгү шылуундар аттанууда. Мындай шартта Асылбек Жээнбеков саясатка активдүү аралашып, Жогорку Кеңештин шайлоосуна батыл киришүүсү мезгил талабына айланды. Келечектеги оор күрөштөргө бүгүнтөн баштап бекем команда топтоосу зарыл. “Жоо аяган жаралуу” деген кептин төркүнү да ойлондурбай койбойт...
"Азия Ньюс" гезити