Азыр эч нерседен кем эмесмин, бирок сүйүүсүз жашоодон кыйналып кеттим


Күйөөмдү эч эле сүйө албайм. Канчалык аракеттенбейин, жүрөгүм жылыбай койду. Балдар үчүн эле жашап жүрөм. Көңүлүм дайым чөгүп, ажырашып кетким келет.
Жашаганыбызга он жыл болду. “Балдар үчүн жашайм” деп атып, өзүм кыйналып кеттим. Ажырашсам балдарым атасыз калат. Жүрөгүмө жакпаган адам менен жашап, бир өмүр өкүнүп өтөмбү? Сүйлөшсөк эле урушуп кетебиз. Дайыма жүрөгүмдү оорутуп сүйлөйт. Ал башкага кетип, аны менен бактылуу болуп кетсе кубанмакмын. Апам эле “ушул бала жакшы” деп мажбурлап берип салган. Өзүмдүн жигитимди “жакыр” деп тоготпой койгон. Ал кезде каршы чыгуудан уялсам керек...
Ошондуктан ата-энелерге кайрыларым, кыздын да көңүлүн карап коюңуздар. Байлык менен бактылуу кыла албайсыздар. Кызыңардын сезимине карагыла. Албетте, апам мени бактылуу болсо экен деген. Азыр эч нерседен кем эмесмин, бирок сүйүү жок. Ушинтип жашоомду уланта беришим керекпи? Эки анжы ойдо чайналып, эзилдим...
Динара











