Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оң рулдуу унаалардын өлкөгө киргизилишин колдогондор кол топтоп жатат

Оң рулдуу унаалардын өлкөгө киргизилишин колдогондор кол топтоп жатат

20-декабрь, 17:32
442 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларды алып кирүүнү колдогондор кол чогултуп жатат. Буга чейин парламент да бул жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштаган. Бирок ИИМ оң рулдуу унаалар жол кырсыктарына себеп болуп жаткандыгын айтып, аларды өлкөгө киргизүүгө каршы болуп келет. Шаар тургундары мындай демилгени колдойбу?

Статистикалык маалыматтар боюнча, Ош облусунда быйыл 11 айда 668 жол кырсыгы катталган. Мунун 95и оң рулдуу унаалардын катышуусунда болгон.

Кыргызстанда 2015-жылы эле оң рулдуу унаалар жол кырсыгына себеп болуп жаткандыгы айтылып, аларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынган. Бирок, жарандык активист Эртай Искаков мыйзам жол бербегени менен оң рулдуу унаалар башка ыкмалар аркылуу деле өлкөгө киргизилип жатат деген пикирде. Мындан улам, ал “ЗаЯпошки” коомдук бирикмесин түзүп, унааларды алып кирүүнү мыйзамдаштыруу сунушуна кол чогулта баштады. Ага бир айда 65 миңден ашуун жаран колдоп добуш берген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер