Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айзада айымга кызыгып... Өмүр барактарындагы күтүүсүз кубаныч тартууланабы?

Айзада айымга кызыгып... Өмүр барактарындагы күтүүсүз кубаныч тартууланабы?

11-октябрь, 09:00
20 752 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Айзада Касмалиевага!)

Бойдок болбосоң деле коомго аты чыгып калган кыз-келиндерге саресеп салып, кызыгуу ашыктык кылбайт эмеспи. Сөзсүз эле интимдик ойдо эмес, тек гана профессионалдык кесибин баалоо, чыгармачылык, билим, тажрыйбасына суктануу – табигий көрүнүш да, туурабы? Жакында эле жолдош балдар менен пиво ичип отуруп, Айзада Касмалиева жөнүндө кеп козголуп кетти. Досум жумуш боюнча кез-кезде сүйлөшүп каларын айта отурду. Адамгерчилиги, жашоого карата терең көз каршы, калыстыгы, өз ишине тыңдыгын баса белгилеп, көңүлдүн чордонуна жылуулук тартуулады. Мен да кызыгып калдым. Жандүйнөсү бай адамдар менен таанышып, достошууга эмне жетсин? Дароо эле Айзада айымга арбалып, дагы сураштырып көрдүм. Негизинен түз пикирлерди угуп, бирок “беш кол тең эмес” дегендей, сын кептер да айтылды. Кемчиликтерине көз жумдум. Ар бир адамдын жетишсиз жагы кездешет эмеспи. Жалпысынан жагымдуу аялзаты катары баа берип атам. Кызык, өзүмчө эле толкунданып, азыр барып маңдай-тескей отуруп, таанышууну кыялданып койдум. Мен Айзада Касмалиевадан эки жаш улуу экенмин. Жашыбыз туура келди. Ал эми жылдызыбыз келишеби? Бара көрөлү... Эмнегедир үй-бүлөсү, жеке жашоосу боюнча көп деле билгим келген жок. “Шагым сынып калбасын” таризинде ырымдадым. Айтор, кызыгуу күч. Чектен чыккан тескери ойдон алысмын, болгону достук, адам катары жылуу мамилени гана болжоп турам. Ким билет? Балким өмүрдүн мындан аркы барактарында күтүүсүз кубанычтар тартууланып калса...


Алманбет, илимдин кандидаты 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер