Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айтылбай турган сөз эле... Эми Азимбекти уккула!

Айтылбай турган сөз эле... Эми Азимбекти уккула!

29-май, 14:37
2 451 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго!)

Өткөн жума ичинде Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кенине байланыштуу 30 жыл ичинде атайын түзүлгөн 7-комиссиянын ишинин жыйынтыгын карады. Бул жолку комиссиянын тыянагынан мурдагы эле комиссиялар аныктаган, айрыкча 2012-13-жылдардагы парламенттик жана мамлекеттик комиссиялардын тыянагындагы эле фактылар, күнөөлүүлөр, кошумчасы андан бери улантылып жаткан кылмыштарды Атамбаев менен Жээнбековго жана алардын айрым чиновниктерине ыйгаруу менен чектелишти. Сунуштаган долбоору да «үч ай бергиле» деп окшош жаңылыгы Кумтөргө тышкы башкарууну киргизүү болду. Мындай көрүнүштү мен мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейм.

1. 1992-жылдан ушул күнгө чейинки баардык комиссиялар негизинен Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн макулдашуулар, аракетте турган КР Конституциясын жана мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөнүн жана Кыргызстандын кызыкчылыгы көздөлбөгөнүн, ошонун кесепетинен Кыргызстанга орду толгус экономикалык жана экологиялык тирукмуш зыян келтирилип жатканын тастыкташкан.

2. Баардык комиссиялардын тыянагында коррупциялык кылмыш 1992-жылы башталып, башкы кылмышкер катары Кыргызстандын мурдагы бардык президенттеринин, өкмөт башчыларынын жана башка кылмыштын катышуучуларынын аттары такай аталып келүүдө. Бирок ушул күнгө чейин алардын бири да жоопко тартылган жок! Иш жүзүндө «кылмышкер жок, кылмыш жок» принциби жашап келет!

3. Тескерисинче, ушундай тыянакка келишкен жана КР президенттерине күнөө коюшкан бардык комиссия мүчөлөрү, саясатчылар, чиновниктер Кыргызстандын расмий бийлиги тарабынан куугунтукка алынат.

4. Кумтөргө байланыштуу козголгон кылмыш иштер чыныгы толук курамында бири да башкы күнөөлүүлөр боюнча аягына чыгарылган эмес. Анын ордуна атайын жаңы кылмыш иштер козголуп, экинчи, үчүнчү ролдордогу «кол койгондор», «салык жыйнабагандар», «жер бергендер» ж.б. жаңы кылмыш иши ачылып, анан эскирүү мөөнөтүнө шылтоолонуп кайра жабылып, ошону менен унутулат.

5. Кумтөр алтын кени боюнча коррупциялык кылмыш А.Акаев менен чет элдин жараны Б.Бирштейнден 1992-жылы башталса да, ушул күнгө чейин ошол коррупциялык келишимдер, схемалар «кайра түзүлүп», «башкача шарттарда» улантылып жашап жатат. Кылмыш-жаза мыйзамдарында муну улантылган (продолжаемые преступления) деп коёт.

6. Ушул кылмыштын Кыргызстанда уланышына улам кийинки президенттер эле эмес, «легендарлуу парламенттин», андан кийинки Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары, айрыкча үй-бүлөнүн көзүн карашкан. 2008-жылдан берки “акжолчу” жана азыркы парламенттеги бир эмес үч президенттин көзүн карашкан чыныгы «жолдуу» көпчүлүк депутаттардын күнөөсү чоң. Анткени 2010-жылдан 2021-жылдын 5-майына чейин Конституция боюнча өкмөт башчысын парламент аныктап, дайындаган жана өкмөт ар жылдык аткарган иши боюнча бир гана Жогорку Кеңешке отчёт берген жана жооптуу болгон.

Кечээ да Акылбек Жапаровдун тыянагын угуп, өздөрү бардык жоопкерчиликтен адаттарынча качып, бардык маселени кайрадан президент менен министрлер кабинетине үч айга «футболить» этишти. Эмне үчүн 2009-жылы ЖК тарабынан мыйзамсыз «эл аралык статусу» берилип ратификацияланган жаңы шарттардагы коррупциялык келишимди өздөрү жокко чыгарып, анан убактылуу тышкы башкаруу киргизсе болбойт?! Ошондо укуктук чечимге окшош болмок. Азыр 2009-жылкы жаңы шарттагы келишим, андан келип чыккан башка келишимдер, айрым мыйзамдар күчүндө турат, ага карабай аларга каршы келген жаңы мыйзам кабыл алышып, убактылуу тышкы башкарууну эмнеге киргизишти? Жапаровдор сураган үчүн элеби? Жапаровдор суранган күндө да, туура, мыйзамдуу чечимди алып беришсе, жеке жоопкерчиликти алып жаткан президентке кыйла жеңил болот эле деп ойлойм.

7. Ушул жылдын башында Акылбек Жапаров башында турган жаңы мамлекеттик комиссия түзүлгөндө «карышкырга кой кайтартып...» деп мен өз чочулоомду жаздым эле. Турмуш көрсөттү, эл күткөндөй Кумтөргө биротоло чекит коюлбады... «Карышкыр» «чет элдик койлорду» жара тартып салбады, болгону, Кумтөрдүн алтын «бетегесин» оттошкон «чет элдик койлорго» жаңы «соодалашуу» үчүн үч ай убакыт алынды. Үч айдан кийин элибиз Кумтөр маселесинде Акүйдөгү «жаңы дракондордун» элдин башын ооруткан, актанган  кезектеги сөзүн угуп калбайбызбы?! Ал «дракондорго» каршы жаңы «чапайчылар» пайда болбойбу?..

8. Дагы бир көңүл бурчу факт, бул экологиялык зыян боюнча доону райондук сотко жеке жарандын атынан берилиши. Мындай доону башында  мен урматтаган Динара айым отурган министрлик, прокуратура же Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети же башка тийиштүү мамлекеттик органдар берсе болбойт беле? Эмне үчүн ушундай болду? Муну мен эмне үчүн айтып жатам? 2009-жылкы кайра каралган жаңы шарттардагы келишим «соодага» түшкөндө да “Центерра” тарап кыргыз тарапка “тергөө, сот органдарындагы кылмыш иштерди, бардык талаш-тартыштар  боюнча доолор токтотулсун” деген шарт койгон. Ошол шартка ылайык Кубанычбек Исабеков  өзүнүн доосун алып салса керек эле. Эртең Исабековдун жоругу дагы кайталанбайбы?..

9. Жогоркуларга байланыштуу менин сунуштарым:

1) Эл аралык арбитражда утуу максатында, токтоосуз түрдө азыр күчүндө турган “Центерра”, “Кумтөр Голд Компани” жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы жаңы шарттарда түзүлгөн мыйзамсыз эл аралык келишим статусу берилген 2009-жылкы келишимди, ага чейинки жана андан кийинки Кумтөр алтын кенине байланыштуу бардык келишимдерди Жогорку Кеңеш аркылуу денонсация кылууну сунуштайм. Эмне үчүн?  Анткени бардык талаш нерсе эмнеден, кайсы жерден башталса, так ошол абалга кайра келгенде   гана акыйкат чечилет. Жаңы сүйлөшүү да, жаңы инвесторлордун келиши да ошондо пайда болот. Экинчиден, Кумтөр долбоору боюнча түзүлгөн келишимдерди кайра кароо, оңдоо, өзгөртүү, денонсация кылуу Кыргызстандын эгемендүү укугу. Эл аралык соттор биздин эгемендүү укугубузду чектей албайт!

2) Кумтөр алтын кени боюнча бардык келишимдерди денонсация кылууда негизги басымды үч нерсеге: биринчиси, 1992-жылдан берки Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн бардык келишимдер Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка бир катар мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөнүнө; экинчиси, бардык келишимдер бир гана президенттердин  жеке каалоосу, аныктоосу боюнча эл аралык коррупциялык схемалар менен түзүлүп, улам кийинки президенттердин түздөн-түз жардамы менен жаңы шарттарда жаңыланып, ушул күнгө чейин иштеп жатканына; үчүнчүсү, кесепетинде кыргыз мамлекетине, элине, экономикасына, экологиясына орду толгус суммадагы зыян келтирилип, ал зыян келтирүү азыр да улантылып, Кыргызстандын элинин жана айлана-чөйрөсүнүн коопсуздук системасына эле коркунуч келтирбей, бүтүндөй коңшу регионго коркунуч келтирилиши мүмкүндүгү бар экенине басым жасоону сунуштайм! Себеби эл аралык арбитраж бир гана мыйзамдуу далилдер менен чечим чыгарат. Ал жерде кыргыз сотторундагыдай «бийликтин телефондук укугу», «бийликтин фанаттарынын укугу» болбойт. Мурдагы бийликке шылтамай да болбойт. Эл аралык укуктун талабы боюнча азыркы Кыргызстандын бийлиги мурдагы бардык президенттер үчүн жооп берет. Ошон үчүн тезинен Кумтөр боюнча түзүлгөн келишимдерди «коррупциялык келишим» экенин далилдөөчү, «башкы дирижёр-коррупционерлер» президенттер болгонун далилдөөчү, өзүбүздүн ЖКнын андай келишимдерди «коррупциялык» деп жокко чыгарган чечими, «башкы коррупционер» катары жоопко тартылган адамдардын үстүнөн чыгарылган соттун чечимдери эл аралык арбитражда чоң роль ойномок. Тилекке каршы, бизде экологиялык доону канааттандыргандан башка андай чечимибиз колубузда жок!

3) Айрым саясатчылар “Кумтөр Голд Компанини” улутташтыруу керек” деп жүрүшөт. Бул туура эмес. Улутташтыруу болгудай Кумтөр алтын кени эч качан “Камекого” да, “Центеррага” да менчикке берилген эмес. Ал 2042-жылга чейин ижарага берилген. Кумтөрдө иштеп жаткан завод (комбинат) үчүн анын негизги каражаттары, жол куруу үчүн биз “Кумтөр Голд Компаниге” 1997-жылы эле өз баасынан ашыкча 174 млн. доллар төлөп бергенбиз. Кумтөрдөгү кыбыраган нерселердин баарына кыргыз тараптын акчасы кеткен. Эми аны улутташтырып дагы төлөп беребизби? Эгерде Кумтөр боюнча Акаевдин кайра түзүү коррупциялык келишими пайда болбогондо, башкы келишим боюнча 2002-жылы “Кумтөр Голд Компани” толук Кыргызстанга өтмөк. 2003-2004-жылдардагы коррупциялык схемалар ачыкталса, “Центерра” компаниясы кыргыз тараптын акциясын сатып алууда эч качан «добросовестный приобретатель» боло албайт. Чыныгы чоң коррупция так ушул жерде жатат. Ал эми “Центерра” “Кумтөр Голд Компанини” кыргыз тарап улутташтырганын каалайт, анткени  эл аралык сотто Елисеев “Мегокомду” утуп алгандай, Кыргызстанды жеңип алуу жолу ачылат. Себеби биз улутташтыруу менен Кумтөрдү “Центерранын” менчиги экенин өзүбүз далилдеп беребиз. Улутташтыруу, конфискация, бирөөнүн менчигин мамлекетке алуу, айрыкча улутташтыруу менчик ээсинин макулдугу, ордун толук төлөп берүү менен жүргүзүлөт. Ошон үчүн МЧЖнын 2003-2004-жылдардагы Кумтөргө байланыштуу кабыл алган токтомдорунун негизинде башкы прокуратура тарабынан 2005-жылдын 21-апрелинде козголгон кылмыш ишти кайра жандандырып, ошол иштин алкагында “Кумтөр Голд Компанинин” менчигиндеги бүткүл акция, объектилерди, башка каражаттары менен мыйзамсыз берилген мүлктөр катары прокуратуранын доосу менен соттон Кыргыз өкмөтүнө кайтарып алуу мыйзамдуу жана акыйкаттык болот! Ушундай жыйынтык эл аралык арбитражда чоң роль ойнойт. Ошондуктан 2005-жылдын 21-апрелинде козголуп, кийин өндүрүштөн токтотулган кылмыш ишти кайра жандандырып, тергөөсүн тездетүүнү, доо арызды эртелетүүнү сунуштайм.

4) Эл аралык арбитраж үчүн “Центерра” тарабынан келтирилген «калктын ден  соолугуна, айлана-чөйрөгө келтирген зыяндын коркунучтуулугу үчүн жеке бир адамдын Октябрь райондук сотто уткан доо арызы жана Жогорку Кеңеш тарабынан киргизилген убактылуу тышкы башкаруу фактысы, жаңы мыйзамы, Кыргыз Республикасынын «Консенция жана консенциялык ишканалар жөнүндөгү» мыйзамынын 22-беренеси жана бардык комиссиялардын тыянактарында аныктаган зыяндардын өлчөмү “Центерраны” утуп алганга жетиштүү далил болбой калышы мүмкүн. Ошон үчүн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар, көз карандысыз эл аралык уюмдар, эксперттер аркылуу кошумча жаңы иликтөөлөрдү уюштурууну да сунуштайм!

5) Мындан кийин Кыргызстандагы кен байлыктардын тагдырын бир адам – президенттер өзү каалагандай чечпеши үчүн кен байлыктарды иштетүүнүн, инвесторлорго берүүнүн өзгөчө шарттары камтылган, Конституциянын талабына ылайык кыргыз элинин үлүшү 51 пайыздан кем эмес аныкталган мыйзамды кабыл алууну да сунуштайм. Мындан ары инвесторлор президенттер аркылуу жана алар жактырган келишимдердин шартында эмес, мыйзамдын тартиби аркылуу келишсин жана иштешсин.


Урматым менен,

Азимбек  Бекназаров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер