Күйөөмдүн жуктурган оорусунан боюма бүтпөй, эне болуу бактысынан ажырадым
Ар кимдин бешенесине ар кандай тагдыр буюрат экен. Мен баарынан ушул учурда, ушул күндөрдө кыйналып, азап тартып, жаш туруп психикалык ооруга чалдыгып, бир уучтам дарыны ар күнү ичип жүргөн кезим.
Биздин үй-бүлөгө тагдыр бороону атам каза болгондон кийин башталды. Бактылуу балалык, бейпил күндөрүбүз атамдын өлүмү менен кошо жок болгонсуду. Биз төрт бир тууган элек. Атам каза болгондон кийин апам бизди багам деп бизди туугандарыбыздыкына калтырып, өзү Түркияга кетти. Ар кимдин колунда жаман-жакшы көрүнүп жүрүп бой жеттик. Апам болсо алгач жакшы эле иштеп жүрүп, кийин түрк улутундагы бир адамга турмушка чыгып кетти. Өз киндигибизди өзүбүз кесип, тирүүлүк өтүп жатты.
Ошол күндөрдө Азатты жолуктурдум. Мээримге, жылуулукка зар дүйнөмө жылуулук чачып, жакшы сөзүн арнап, турмуш курууга колумду сурады. Алгач көңүлсүнө бергеним жок. “Иштесем, бир туугандарыма жардамдашсам” деген тилектерим бар эле. Азат ата-энесине тааныштырам деп жанымды койбой, үйүнө ээчитип барды. Алар мени мээрим менен тосуп алышты. Жакшы сөздөрдү айтышты. Баары жабылып колумду сурашты. Акыры макулдугумду берип, бактылуу үй-бүлө болуп жашап калдык. Кайната, кайненемдер жакшы адамдар. Аларга абдан ыраазымын. Ата-энемден ала албаган жылуулукту алар толтурду.
Аттиң, “бири кем дүйнө” деген ушул экен. Кош бойлуу болгондо кубанычымда чек жок эле. Бирок ал кубанычым көпкө узабай, боюман түшүп калды. Анан экинчиси да, үчүнчүсү да түшүп калды... Арадан сегиз жылдай убакыт артта калды. Канча дарыланып аракеттенгеним менен эч натыйжа чыкпады. Себебин кийин билдим, күйөөм жуктуруп келген дарттан улам бул ооруга чалдыгыптырмын. Ошентип мен эне болуу бактысынан биротоло кол жуугансыдым.
Акыркы күндөрү күйөөм өзгөрө баштады. Ар нерсени шылтоолоп кечигет. Келбей калат. Ал жашыруун түрдө экинчисине үйлөнүп алганын да кийин билдим. Үйдө чоң чыр-чатак чыкты. Жаштыгымды ага арнап, ден соолугумдан ажырап... Анан минтип ал мени башкага алмаштырды...
Биздин, экөөбүздүн көп максаттарыбыз бар эле. Алар кайда калды? Мен сүйгөн, мен ишенген адамдын бул кадамынан соң психикалык жактан дартка чалдыгып, жинди болуп калдым. Ар күнү ар кандай дарыларды ичем. Ага бала, наристе керек болду. Ата-энеси каршы болгонуна да карбады.
Азыр биз бактысыз үч адамбыз. Үстүбүздө үйүбүз жок. Ал да батирде, мен да батирде жашайбыз. Азат күндөп-түндөп тапкан акчасын батирлерге төлөйт. Анан мага келгенде ыйлайт. Ал кеткенде мен ыйлайм. Эки жактан экөөбүз жейбиз. Мен кетип калайын, басып кетейин дейм, бирок менин бактымды уурдаган аялдын бактылуу болушун каалабайм. Ошентип азаптуу күндөр өтүп жатат...
Анара НУРБЕК кызы