Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Оштогу даяр жолду, үйлөрдү бузгандын ордуна айланып өтүү мүмкүнчүлүгүн карайлы”

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Оштогу даяр жолду, үйлөрдү бузгандын ордуна айланып өтүү мүмкүнчүлүгүн карайлы”

11-март, 00:16
1 443 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, бүгүн Ош–Эркечтам жолу боюнча жакшы маселе көтөрдүңүз. Эгер жолду кеңейтүү башталса, эски жолдун кээ бир участкалары, айылдардын ичиндеги айрым үйлөр бузулушу мүмкүнбү?

-- Азыр ал жолду кеңейтүү процесси башталууда. Анан жаңы жолдорду куруу да каралып жатат. Менин оюмча, азыр колдонулган даяр жолду, үйлөрдү бузгандын ордуна айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк болсо, айланып эле өткөн жакшы. Биринчиден, мурдагы жол өзү калат. Экинчиден, айланма жолго жетишебиз. Ошол эле каражат кетет, атүгүл арзаныраак да түшөт. Анан калса, биз коопсуздук жагын да ойлонушубуз керек. Жолго жаш балдар, мал чуркап чыкканынан улам бир топ кырсыктар катталууда. Төрт айылда жолго чуркап чыга калганынан улам алты бала мерт болгон. Ошондуктан, даяр жолдорго тийбей, айланма жолдорду көбүрөөк куруш керек. Мисалы, Кара-Балтага айылдарга кирбеген башка жол салып, аны акы төлөнүүчү жол кылып койсо болот. 

-Демек, акы төлөнүүчү айланма жолдорду көбүрөөк куруу керек дейсизби?

-- Ооба. Себеби, биринчиден, айдоочулар убакыттан утат. Экинчиден, коопсуз болот. Азыр Кытайдан келген товар Баткенге барыш үчүн Бишкектен Ошко, андан ары Баткенге барат. 15-16 сааттай убакыт кетет. Ошол эле учурда Чоң-Алайдан тоо аралап бир саатта жете турган жол бар. Болгону оңдоп-түздөп, өзүн-өзү актасын үчүн акы төлөнчү кылып коюш керек. Токтогул суу сактагычын 90 чакырым айланып өткөн жол бар. Эгер суу сактагычтын үстүнө көпүрө салынса, 90 чакырымга кеткен чыгым үнөмдөлөт. Же Бишкек–Торугарт жолун алалы. Балыкчыга барып отурбай, Токмоктон Шамшы аркылуу эле Кочкорго аша турган жол бар. Мен атайын барып, ал жолду көрүп келгем. Бир аз эле ашуу бар экен. Ошол жерден жол курулса, Кочкорго азыркыдай эки саат коротпой, жарым саатта кирип барса болот. Бензин, убакыт үнөмдөлөт. Ушундай жолдорду көп куруш керек.   


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер