Акыркы кабарлар
» Саясат » Январь окуясында Казакстанга жиберилген аскерлер президентке кайрылды
Январь окуясында Казакстанга жиберилген аскерлер президентке кайрылды
10-май, 12:16

Казакстандагы январь окуяларында Алматы шаарына барган кыргызстандык жоокерлердин өкүлдөрү президентке кайрылуу жолдоп, күжүрмөн тапшырма үчүн бекитилген эмгек акысын ала албай жатканын билдирди. Кайрылуунун "Азаттыкка" жолдонгон бир нускасында:
"Урматтуу президент, сиздин буйругуңуздун негизинде 7-январь күнү Казакстандын Алматы шаарына күжүрмөн тапшырма менен барып, 15-январда аман-эсен кайтып келдик. Бирок ошол күжүрмөн тапшырма үчүн маянабызды ала албай жатабыз. Сураштырсак, “каржы министрлигинде чечиле элек” дешти. Бизге иш сапар же күжүрмөн тапшырма үчүн эмгек акыбызды төлөп берүүсүнө колдоо көрсөтүп коюуңузду суранабыз" деп жазылган.