Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыйкырган бойдон жаны үзүлүп, күлгүндөй куракта каза болду

Кыйкырган бойдон жаны үзүлүп, күлгүндөй куракта каза болду

20-сентябрь, 17:56
1 776 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2002-жылы туулган Арсланбек Канатбек уулу 11-классты бүткөндөн кийин катуу ооруп калган. Ооруканага кайрылганда ага боордун альвеоккокоз диагнозун коюшкан. Тагыраагы, көп жылдан бери боорду ичинен курттар жеп, 10 пайызы гана калганын айтышкан. Ушул жылдын башында анын ден соолугунан кабар алып SUPER.KG порталы анын Индияда гана жасала турган операциясына акча чогултууга элден жардам сурап репортаж даярдаган. Андан бери жарым жыл өттү. Кабар алып жакындарына байланышканыбызда ал каза болгонун кабарлашты.

4-сентябрь күнү инибизден айрылдык. Ал акыркы жылдары өтө катуу кыйналды, ичинен боорун курттар жеп тынышты окшойт. Кыйкырган бойдон жаны үзүлдү. Акча жагынан жардам берген элге рахмат айтабыз. Эч болбосо дарыланып турганга абдан чоң жардам болду. Акча чогулса деле операция жасаганга болбойт, кеч деп дарыгерлер айтышкан. Буйрук экен, эч нерсе кыла албай калдык. Бир аз суммадагы акча чогулганы менен Арсландын иммунитети көтөрүлбөй койду. Бирок биз үмүтүбүздү акырына чейин үзгөн эмеспиз.

Акыркы мүнөттөргө чейин апабыз кайгырбасын деп өзүн жакшы сезип жатканын айта берди. Бирок сыртынан кыйналып жатканы билинип турду дейт Айдай Имамбекова.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер