Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Беш баламды таштап, жаш келинге азгырылганымдын азабын тартып отурам

Беш баламды таштап, жаш келинге азгырылганымдын азабын тартып отурам

20-июнь, 12:37
8 282 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жубайым Акинай экөөбүз мектеп курактан сүйлөшүп жүрүп, мен 21 жашымда, ал 18 жашында баш кошконбуз. Чогуу жашап, 5 баланы таптык. Акинай балдарды катар-катар төрөп эле үйдө болду. Үйдүн табышкери мен элем. Элибиздин жашоо шарты начарлап, баары борборго оокат кылуунун айласын издеп агылып жаткан убак. Кесибим архитектор болгондуктан, төрт өнөктөш болуп курулуш компаниясын ачтык. Көп жыл иштин көзүн билбей жүрүп, акыры салган үйлөрүбүздөн пайда көбүрөөк түшө баштады. Ошондо өнөктөштөрүмдөн бөлүнүп, жеке өзүмдүн курулуш компаниямды ачтым. Кол алдымда 20 чакты киши иштейт. Мага ушул куракта оомат келиптир. Бизнесим кадимкидей өнүгүп, жыргал жашоону баштан кечирип жаттым. Күндө достор менен жолугуп сыра ичебиз, бильярдга, баняга, саунага барабыз. Жашырганда эмне, кээде бир түндүк кыздарга деле барып койчубуз. Азгырыкка алдырып койбосом, негизи үй-бүлөмө, аялыма туруктуу элем. Балээнин баары аялым өпкөсүнө суук тийгизип, ооруп калып, бир айдан ашык үйдө жатканда башталды. Дарыланып бүткөндөн кийин деле бир топко чейин үйдөн чыкпай, эч нерсеге көңүлү келбей жүрдү. Бир күнү: “Абыке, батирлердин акчаларын өзүң чогултуп келчи, менин сыртка чыкканга көңүлүм чаппай турат” деп калды. Ашыкча акчаларыбызга шаардын ар кайсы жеринен бир нече батир алып, аларды ижарага берип койгон элек. Акинайдын суранычынан кийин унаам менен батирлерди кыдырып жүрүп, 10-кичирайондогу эки бөлмөлүү батирге бардым. Эшиктин коңгуроосун бассам эч ким ачпады. Бир нече жолу баскандан кийин кетүүгө камынып жатсам, үйдүн ичинен “ким бул?” деген кичинекей баланын уйкусураган үнү угулду.

-- Үйдө чоңдордон бирөө жарым барбы? - дедим баланын суроосуна кайра суроо узатып.

-- Апам жок эле, мен жалгызмын… “Эшикти эч кимге ачпа деген… 

Бала экөөбүз ушинтип сүйлөшүп турсак, тепкичтен тыкылдаган үн угулуп, жаш келин мен турган эшикке жакындап келди. 30дардагы келиндин көздөрү кумарлуу, келбети келишкен, чыпташкан кызыл көйнөгү менен шиш такалуу туфлиси өзүнө куп жарашыптыр. Себинген атыры да сонун буркурайт, анын жытына мас боло бир саамга келинди койнума кысып, алкымынан өпкүлөп жатканымды элестетип алдым. Эркек эмеспизби, табиятыбыздан утканды жакшы көрөбүз. Анын сыңары, мен да бул айымды өзүмө кызыктырууга аракет кылып көрөйүн дедим. Ошентип назданган келин менен таанышып калдым. Аты Назгүл экен. Турмушу келишпей бир жыл мурун күйөөсү менен ажырашып кетиптир, менден 15 жаш кичүү. 4 жаштагы баласы менен биздин үйүбүздө жашап жатканына 2 ай болуптур. Жаш келинге азгырылдым. Күндөр өтүп жатты, Акинтайым айыгып, батирдин акчасын өзү чогултуп калды. Менин акыл-эсимден Назгүлдүн назданган элеси, буркураган атырынын жыты кетпей туруп алды.

Ар кайсы шылтоону таап, батирге дагы барыш керек болду. Бир күнү барсам Назгүл эшикти өзү ачты. Аябай капалуу. Жумушунан кыскартууга туш келип, иши жок калганын айтты. Ошондо ойлонбой туруп:

-- Биздин компанияда офис-менеджерибиз жумуштан кетем деп жаткан… Эгер кааласаң бизге келип көр, айлыгы жакшы эле, - дей салдым. 

-- Ий, байке, офистин жумушун эптей аламбы? Өмүр бою мугалим болсом… 

-- Назгуля, алтыным, сен жогорку билимдүүсүң, кантип секретаршанын жумушун кыла албайсың? -дедим. 

Ал макул болгондой түр көрсөттү. Эртеси кеңсемде отурсам, Назгүл кирип келди. Турмушка чыгам деп жүргөн офис-менеджерибиз 1-2 күн ага үйрөтчүсүн үйрөтүп, үчүнчү күндөн Назгүл ишке өзү киришти. Назгүл экөөбүз көп учурда күндүзү ошол кездеги “Ысык-Көл” мейманканасынан жолукчубуз...  

Балдарым, аялым көзүмө көрүнбөй калды. Арадан 3 жыл өттү, Назгүл мага аялымдан да жакын адам болуп калды. Экөөбүздүн мамилебизге 4 жыл болгондо, ал мага боюнда бар экенин айтты.

-- Байке, мени сүйсөңүз жубайыңыз менен ажырашып, мага үйлөнүңүз, болбосо жолдошум менен жарашайын, - деди маселени кабыргасынан коюп. 

-- Чырагым, күтө турчу, сен тууралуу үй-бүлөмө ачыгын айтуу бир күндүк иш эмес…

-- Жок, күтпөйм! Курсактагы бала да өсөт, күтүп тура албайт! 

Назгүл талапты катуу коюп, жумуштан чыгып кетти. Албетте, аны сүйчүмүн, болгондо да баш-отумду жоготуп сүйдүм. Анын ичиндеги баласына өзүмдү гана ыраа көрүп кызганганымчы? Көпкө ойлондум. Аялыма айтчумду айттым да, үйдөн чыгып кеттим. Балдарыма менин жаш келинди ээрчип кеткенимди кийин айтыптыр. Бир жолу Акинай кеңсеме келип, Назгүл менен мушташып кетиптир. Мен жок болчумун, ызасын, ичиндеги бугун чыгаргысы келген аялымды жакшы түшүндүм. Бир айдан кийин көздөрү шишиген, жүдөгөн Акинай Назгүл экөөбүз жашаган үйгө келди: 

-- Абыке, мени кандай күнгө салдың? Ызама муунуп калдым… Менин башымды аттасаң да кантип томсоргон беш балаңдын тагдырын кыйып жатасың? Суранам, балдарың бир аз чоңойгончо жанында бол… Экинчи никеңе каршы эмесмин. Каалаганда барып келип тур, бирок бизден колуңду үзбө, - деп ыйлады. 

Акинайдын абалын көрүп, өзүмдү ушунчалык жек көрдүм. Аялыма балдарга күндө барып турарымды айтып узаттым. Бирок Назгүл так секирди. “Эгер аларга бара турган болсоң, мага келбе” деген талап койду. Балдарыма баргым келгени менен Назгүлдү да кыя албай жүрүп, арадан бир нече ай өтүп кетти. Назгүл кыз төрөдү...

Ошентип, убакыт өтүп жатты. Назгүлдөн төрөлгөн кызым эрте эле турмушка чыгып кеткен. Менин күнүм Назгүл менен өгөй балама калды. Турмушубуз эптемей. Өгөй балам ичип келгенде Назгүлдүн да алы жетпейт. Баш отумду жоготуп сүйүп алган жубайым тапканын өзүнө коротот. Иштейт, кийинет… Шаардын четинен эптеп 4 сотых жер тилке алып, ошого 2 бөлмөлүү үй тургузуп алганбыз. Акыркы күндөрү Назгүл үйгө да токтобой “шаарда жашайм, жумушка жакын” деп мага эс алуу күндөрү гана келчү болду. Аны түшүндүм, ал мени менен кошо карып кетпестин айласын издеп качты. А мен жылдар өткөн сайын тез-тез ооруп калып жаттым. Акинай үйдү банк алып коёрдо айласыз бир туугандарынан жардам сурап, алар эптеп үйдү алып калышыптыр. Ошондон кийин балдарымдын бетин карай алган жокмун, такыр байланышпадым. Учурда 63 жаштамын. Бир жыл мурун кайра өзүмдүн үй-бүлөмө кайтып келдим. Кантейин, келгенге аргасыз болдум, өгөй балам күн көрсөтпөй койду. Бир жолу эс-учумду жоготуп ооруканага түшүптүрмүн. Назгүл мени аядыбы же оорукчан күйөөсүн карап жүргөндөн тажадыбы, айтор: “Кор болбо, кантсе да өз балдарың, сенден баш тартпайт. Балдарыңдын бири чоң кызматта, экинчиси АКШда, үчүнчүсү бизнесмен экен, сени жөн эле батырып алышат” деп түйүнчөгүмдү түйүп жөнөттү. 

Акинай балпайган байбиче болуп келининин колунан ысык чай ичип, тапчанда көлөкөдө сый көрүп гана отурган кези экен. Аттиң, мен жокто балдарыңды кантип окутуп, кантип бутуна тургуздуң экен, Акинтайым?! Эмне кылайын, ит экенимди эми билдим. Жүрөгүм ооруйт, өкүнөм… Эмнеге балдардын түйшүгүн чогуу тартпадык экен? Эмнеге мен туура эмес жолдо жүргөндө туура жолго салып койгон эч ким болбоду? Эми өкүнгөндөн пайда барбы? Балдарым ата дегени менен ортобузда бала менен атанын ортосундагы чыныгы жылуулук жок. Мени күтө берип, үмүттөрү үзүлүп, көз жаштары соолуп калгандай. Акинай экөөбүздүн сүйлөшчү сөзүбүз деле жок. Кыскасы, мен өз канымдан жаралган балдарыма чоочунмун, өз колум менен салган чоң үйүмө батпай жатам…

Манат

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер