Турсунбек Акун: "Райым Матраимовду "Азаттык" бир жактуу каралады"
-- Турсунбек мырза, неге жаңы бийлик келгени “Азаттык” радиосуна болгон нааразычылык күч алды? Адилеттик, чындык үчүн күйгөн “Азаттык” бул сапар позициясынан тайдыбы?
-- Бу сапар “Азаттык” радиосу бир жактуулукка басым койду. Элдин ниетин өзгөртүп, бийликке бир тараптуу караган позициянын калыптанышына шарт түздү. Ошондой эле чет элден каржыланган “Азаттык” радиосу, “Кактус медиа”, “Клооп.kg” деген басылмалар “Россиядагыдай, Беларустагыдай башаламандыктар Кыргызстанда болсун” деген жашыруун тилекте иш кылышып, чагымчыл, элди бийликке тукурган маалыматтарды жарыялашты. Мен аттарын санап өткөн басылмалар аркылуу азыркы бийликке каршы маалыматтар байма-бай таратылып, чет мамлекеттердин биздин ички ишибизге кийлигишкенге аракет кылганы ачык эле байкалып калды. Ошондой эле “Азаттык” радиосу акыркы мезгилде “Реформа”, “Ата Мекен” партияларынын жана Роза Отунбаеванын, НПОлордун штабына, алардын куралына айлангандай иш кылып, жаңы бийликке каршы пикир айткандардын очогуна айланып, бир ууч топтун локомотиви болуп калды. “Азаттыкты” “Ата Мекен” партиясынын радиосу деп эле атап койбойсуңарбы?” деген күндөрүм да болду. Тагыраагы, акыркы мезгилде түрдүү көз караштарды чагылдырган позициясынан тайып, “Эксперттер талдайт” берүүсүнө да бир жактуу бийликти, конституциялык кеңешмени каралаган, мыйзамсыз деген пикирдегилерди айткандар менен гана иштешип калышты. Кыскасы, Американын камчысын чаап, элибиздин ичине бүлүк салгандын аракетин көрүштү.
-- Алардын октябрдагы бийлик алмашууга, башаламандыкка салымы болдубу?...
-- Салымы болду. Маселен, ЮСАИД деген уюм парламенттик шайлоону утурлай бир жактуу сурамжылоо уюштуруп, парламенттик шайлоого одоно түрдө киришти. Ошол эле Америка университетинин студенттери, мугалимдери да “Реакция” аттуу пикеттерге чыгып, тополоңдуң болушуна, Акүйдүн өрттөлүшүнө, талкаланышына шарт түзүштү. “Азаттык” аларды байма-бай чагылдырып турду. Кыскасы, “Азаттык” революцияга чейин эле ушундай жолго түшүп, тымызын эл менен бийликтин ортосундагы тирештин күчөшүнө салым кошту. Тынчтыкбек Чоротегин, Кыяз Молдокасымов башкарып тургандагы “Азаттыктан” учурда дээрлик айырмаланган позицияда иш кылып, элдин тычтыгына бүлүк салган маалыматтарды таркатуу менен алек болуп калышты. Азыркы жетекчилиги Айзада Касмалиевага байланышып, “Азаттыкка” болгон сынымды айткам, алтургай доого урунуп сүйлөп келген учурларым да болду.
-- Мурун “Азаттыктын” талкуусуна катышуу, ал жакта журналисттердин суроолоруна жооп берүү сыймык беле?
-- Албетте, мурун “Азаттыктын” талкууларына катышып ырахат алып келсек, азыр андай сезим да жок. Себеби, алар өздөрүн колдогон Американын саясатын жактай турган депутаттарды жана коомдук ишмерлерди чакырып калышты. Ошондой эле “Азаттык” радиосу Американын кызыкчылыгы үчүн Райым Матраимовдун артынан түшүп, бир жактуу каралаган маалымат берип жатышканы ачыкка чыкты.
-- Садыр Жапаров “Азаттыкты” күйгөнүнөн сындадыбы же аша чаптыбы?
-- Садыр сынды туура айтты. “Мен түрмөдө жатканда “Азаттыкты” угуп, эс алчумун. Акыркы убакта бир жактуулукка жол берип жатканы мени өкүндүрөт” деп чындыкты айтты. Бирок, аны “Азаттыктагылар” башкача кабыл алып, “Садыр Жапаров бизди куугунтуктап жатат” деп чыгышты. НПОлор дагы “Азаттыкка” бийлик тараптан сокку урулуп жаткансып, “коргойбуз” деп чыгышты. Азыркы бийлик болобу, мурдагы бийлик болобу, бир жактуу каралаган болбойт. Алар мүмкүн болушунча калыс болуп, түрдүү көз карашты чагылдырып, чыр-чатакты болтурбаганга аракет кылышы керек.
-- “Азаттык” конституциялык кеңешти, Конституцияны сындап, ал тууралуу терс пикирлерди көп бергени үчүн көпчүлүк саясатчылардын купулуна толбой жаткан жокпу?
-- “Азаттык” радиосу эмнегедир конституциялык кеңештин түзүлүшүнө каршы болду. Ошондон уламбы, “конституциялык кеңеш мыйзамсыз түзүлдү” жана “парламент мыйзамсыз отурат, тарап кетиши керек” деген берүүлөрдү берди. Азыркы парламент кийинки парламент келгиче иштей берери 71-беренеде жазылганы тууралуу бир ооз да айтышкан жок. Тагыраагы, “парламент да, конституциялык кеңешме да мыйзамдуу” деген көз караштагы адамдарды бир да жолу чакырган жок. “Парламенттин мөөнөтү бүттү” деген “Азаттыктын” ырын ырдаган саясатчылардын гана пикирин берди. Алтургай президенттин конституциялык кеңешти түзгөн мыйзамын да туура эмес деп чыгышты. Мен 1993-жылдан бери конституциялык кеңештин мүчөсү болуп келе жатам. Баардык конституциялык кеңешмелер президенттин жарлыгы менен түзүлөт. Баары мыйзамдуу болот. Андан шек санаган жакшылыкка алып келбейт. Мына, Кыргызстанда биринчи жолу элден башкаруунун формасын сураган референдум өткөнү жатат. Бирок, ушуга да каршы чыккандардын пикирлерин “Азаттык” байма-бай беришүүдө.
“Азаттык” башка тема жок калгансып, Кудайдын куттуу күнү эртең мененки берүүсүн Райым Матраимов менен баштайт. Бир да берүүсү Райым Матраимовсуз болбойт. Мен аны жактабаган адамдардын биримин. Ошондой болсо да, каралоонун гана үстүндө болушууда. Көрсө, Американын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун жана Американын мамлекеттик катчысы Пампеонун көрсөтмөсүнүн негизинде Райым Матраимов тууралуу изилдөө башташыптыр.
Негизи сырткы күчтөр тымызын өз саясатын жүргүзүп, Кыргызстандын ички ишине кийлигише баштаганын туура көрбөйм. Мунун арты жакшылыкка алып келбесин билем. Тагыраагы, булар эгемендүү Кыргызстандын ички ишине кийлигишип, Кыргызстанды кандай кааласа ошондой башкаруунун аракетин көрүп жатышат. Анткени, азыркы бийлик Батыштын, Американын камчысын чапкан жок. Ошон үчүн алар сырттан каржыланган басылмалар аркылуу таасирин тийгизишип, кыргыз саясатын өздөрү каалагандай нукка бурганга аракет кылып жатышат.
"Азия Ньюс" гезити