Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элмира Ажыканова, акын: “Сойкуларды сүрөтү менен жарыя кылганы туура эле болду”

Элмира Ажыканова, акын: “Сойкуларды сүрөтү менен жарыя кылганы туура эле болду”

30-ноябрь, 23:46
689 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Элмира эже, кармалган сойку кыздар коомчулукта чоң талкууга алынууда. Турмуштун оордугунан кыздар сойку болуп жатышабы, же башка себеби барбы?

-- Азыр турмуш оор эмес, турмуш сонун. Тамак-аш менен кийим-кеченин көптүгүнөн баш айланат. Иштеген кишиге жумуш деле толтура. Болгону ошол кыздар толук кандуу үй-бүлөдө өспөй, таалим-тарбия албай, жалкоо болуп калышкан. Жакшы эненин кыздары эч качан сойку болбойт. Ошолорго социологиялык изилдөө жүргүзүп көрүшсө, үй-бүлөлүк тарбиядагы өксүктөр оркоюп чыга келмек.

-- Айрымдар сойкулук илгерки кесип, 15 миң кыз ушундай ыплас иш менен алек болот деп жатышат. Аларды бул адаттан куткаруу үчүн жазага тарткан туурабы, же акылга келтирчү иш-аракеттерди жасаш керекпи?

-- Ооба, сойкулук атамзамандан эле боло келаткан иш экени чындык. Бирок ошонун баары жыргаган үй-бүлөдөн чыккан эмес. Бул сойкуларды аяп, боор ооруп отуруунун кереги жок. Арасында кыркка барып калган аялдар да жүрөт. Буларды жазага тартууга катуурак эле мыйзам керек. Илгеркилер “кызга кырк үйдөн тыюу” деп бекер айткан эмес. Бул сөздү азыр айтсаң, сени караңгы, эскичил бир байкуш деп түшүнүшөт. Ар бир эне өз кызын ээн-жайкын коё бербей, катуу көзөмөлдөшү зарыл. Тарбияны кичинесинен баштабаса, чоңоюп калган кыз баш ийбей калат. 

-- Сойкулукка оңой акча табууну каалаган кыздар барабы, же турмушу оор кыздар айласы жок аракеттенеби?

-- Сойкулукту жеңил акча табуунун жолу дегендерге таңгалам. Кандайча жеңил? Адамдын аялуу нерсеси өз денеси эмеспи. Өз денеңди өзүң кордукка салып бергениң – азаптын азабы го. Ошентип тапкан ачаң куруп кетсин. Балким кээ бирлери ошол акчага балдарына нан алып жаткандыр. Ойлосом денем дүркүрөйт. Андан көрө дүкөндөрдүн полун жууп, ашканада идиш жууп, картөшкө аарчып иштесе адал иш болмок. Азыр бирөөлөрдүн үйүн жыйнап деле акча таап жатышпайбы. 

-- Кыздарды эле тепкилеп, сүрөттөрүнөн бери жарыялап маашырланып жатабыз. Сойкуларга барган эркектерди да так ошол жол менен тартипке чакырса болобу?

-- Бул маселеде эркекти тартипке чакыруу кыйын. Эркектин эркектик жапайы табияты бар. “Эркекке ишенгенче эки босогоңо ишен” деп бекер айтыптырбы. Алар баары бир бара берет. Аял өзүнүн этегин жабуусу керек. А сойкуларды сүрөтү менен жарыя кылганы бир чети туура эле. Качанга чейин жаап-жашыра берүү керек? Кызынын эмне кылып жүргөнүн көрүшсүн жакындары. Намысы болсо ойлоноор... Сойкулук кылгандан уялбаган кыздар эл көрүп койду деп уялышабы? Кыскасын айтканда, маселе ошол кыздардын энелеринде. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер