Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Мыйзамды окуганга Надира Нарматованын деңгээли жетпейт”

“Мыйзамды окуганга Надира Нарматованын деңгээли жетпейт”

19-февраль, 12:17
1 353 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Депутат Надира Нарматова бейөкмөт уюмдарынын эсеп-кысабын көзөмөлгө алуу, ишмердиктерин чектөө демилгесин көтөрүүдө. Буга кандай баа бересиз? Туура кадамбы, же?..” деген соболду укук коргоочуларга  таштадык.     

Өндүрүш Токтонасыров:

-- Надира Нарматова айым эмнегедир бейөкмөт уюмдарга эле асыла бермей адаты бар. Же аларга жеке таарынып калган сыяктуу. Кандай болгон күндө да депутат катары бул маселени тынбай көтөрүп келе жатканы анын билиминин, саясатчы катары көз карашынын тардыгын чектелүү экенинен кабар берет. 

НПОлор мамлекет жасай албай жаткан иштерди аткарып, салык төлөп, элди ишке алып турса, эмнеси бокочо же жаман? Ал айым терең жаңылышат.

Төлөйкан Исмаилова:

-- Биздин мамлекетте “Аялдар саясатта” деген программа өз жемишин ушу кезге чейин бере элек. Анткени, аялдар баалуулуктарды, эгемендүүлүктү, адамдардын өнүгүү процессине гендердик балансты кармаганга мүмкүнчүлүктөрү  жетпей жатат. Алсак, Надира Нарматова айым мурунку чакырылышта депутат катары жакшы эле иштеди. Бирок, тажрыйба албаптыр. Билим булагы аябай пас. Турсунбай Бакир уулу баштаганда эле айтыш керек болчу, “бул деген болбойт. Анткени жарандык коомдун мүдөөсү аркылуу жетишип депутат болуп отурабыз” деп айтканга жараган жок. Керек болсо, балта чапкан Конституцияга каршы мыйзамдарды түртүшүп, журналисттерге карата сын көз караш менен караган адамдардын оозун басуу аракеттери болду. Жакында Баткенде ким жүрдү? Жалаң журналисттер жана жарандык коомдун активисттери иштешти, азыр да жүрүшөт. А Нарматова болсо эч жакка барбай, парламентте отуруп алып кыйкырып атат: “Ташиевди жарандык коомдор, журналисттер сындап атат. Буларды жабыш керек, кууш керек!” деп. Баарыбызга мыйзам бирдей иштеш керек. 

Азиза Абдрасулова:

-- Менин жообума көптөрү таңгалат болуш керек. Мындай мыйзам кабыл алынышы керек. Канчалык тез болсо, ошончолук жакшы болот. Себеби, биздин Кыргызстанда 20 миңден ашуун бейөкмөт уюмдар жана ар кыл коомдор бар. Анын ичинен 200дөйү гана адам укугун коргоп жүрөт. Мүмкүн ага деле жетпесе керек. Жанагы мен айтып аткан 20 миңдейдин арасында диний уюмдары да бар. Алар да сырттан каржыланат. Медресе, мечит, муфтият, ошолордун баары бейөкмөт уюм болуп эсептелет. Мындан сырткары, көптөгөн фонддор да сырттан акча алат. Ооба, адам укуктары менен иштегендер сырттан акча, грант алабыз. Себеби, мамлекет бизди колдобойт. А тигилердин акчалары каяктан келип атат? Алар мамлекетке салык төлөп атабы же төлөбөй атабы? Ошол эле Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматовалардын килтейген фонддору бар. Биз да алардан сурайт элек, “каяктан канча акча келип атат? Каякка жумшап атат? Мамлекетке салык төлөп атабы же төлөбөй атабы?” деп. Бейөкмөт уюмдарга кошумча спорт клубдар, жетим балдарды, мунжу-чолок балдардын укугун коргогон уюмдар кирет. Ар бир айыл өкмөттө суу чыгарган, жол курган, мечит салган уюмдар бар. Негизи ушу мыйзам долбоору тезинен кабыл алынса, көптөгөн сырлар ачылат эле. Мен колдойм.

Рита Карасартова:

-- Надира Нарматова Кыргызстанда кабыл алынган мыйзамдарды кичине инвентаризация кылып, “эмне кабыл алынган, эмне жок, кайсынын таасири кандай?” деп окуп коюшу керек, бирок деңгээли жетпейт да. Бейөкмөт уюмдардын кошумча отчеттуулугу боюнча мыйзам кабыл алынган. Ал 1-январдан баштап иштей баштады. Ошон үчүн Нарматованын демилгесине дагы эмне кылыш керек, белгисиз. Башка маселе боюнча айта турган сөзү жок болсо, “атың чыкпаса жер өрттө” деген эжекем да... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер