Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлжигит Исаков: “Саясый ботко канчалык эрте бүтсө, элге ошончолук жакшы”

Гүлжигит Исаков: “Саясый ботко канчалык эрте бүтсө, элге ошончолук жакшы”

27-ноябрь, 11:51
1 490 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Гүлжигит, президенттик шайлоодо күчтүү атаандаштык кайсы талапкерлердин ортосунда болот деп ойлойсуз?

-- Эмнегедир президенттикке ат салышып жаткан талапкерлерден улуттук кызыкчылыкты   жогору коё турган талапкерди көрө элекмин. 

-- Шайлоо бир эле тур менен бүтөбү, же эки тур менен жыйынтыкталабы?

-- Саясый ботко канчалык эрте бүтсө, элге ошончолук жакшы. 

-- Жаңы бийлик бу сапар эл күткөн таза жана адилеттүү шайлоо менен камсыздай алабы?

--Шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого жол берген, ага түздөн-түз катышкан БШКнын ошол эле курамы менен кантип адилеттүү шайлоо өткөрө алат? Логика бар да. Дүйнө карап турат. Кандай болгон күндө да ашынган жеке амбиция, нарциссизм   жана жеңил-желпилик  улуттук кызыкчылыктан  жана мамлекеттүүлүктөн жогору турбашы керек.

-- Өкмөт тышкы карыздан кутулуу үчүн эки эсеп ачты. Элден чогулган каражат менен тышкы карызды төлөй алабызбы?

-- Ички ресурстарды толук колдонбой туруп, чөнтөгү жукарып калган элден акча топтоо туура эмес. Коррупционерлер уурдаган акчаларды ашыгы менен кайтарып, четке чыгып кеткен каражаттарды кайтарып, элдик кен байлыктарды элдин кызыкчылыгына жумшагандан кийин деле жетпей жатса, элге кайрылса болот. Эл да тапканын берет. Бирок, менин эсебим боюнча, уурдалган акчаларды кайтарса, тышкы карызды жапмак турсун, ашып кетет. 

-- “Мени шайласаңар Кытайдын карызын төлөп салам” деген талапкерлердин убадасына ишенсек болобу?

-- Менимче, эл популизмге ишенбей калды. Эл улуу идеяларга ишенип колдосо, саясатчылар максаттарына жетип алгандан кийин теңирден тескери сүйлөп чыгышууда. “Кытайдын карызын төлөп салам” дегендер колунан келсе иш жүзүндө көрсөтсүн, анан ишенели.

-- Баса, Ташиев улуттук коопсуздук кызматын жетектегени чек ара кызматы УКМКга кошулду. Эки чоң тармакты кошуп, калпыстыкка жол берип алган  жокпузбу?

-- Структура жагынан алып караганда, ирилешүү туура. Эми сапаты өзгөрүшү үчүн жаңы ыкмалар керек. Эски ыкмалар менен орун алмашуудан сумма өзгөрбөгөндөй эле абал болуп калат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер