Келдибек Ниязов, КР эл артисти: «Күлүйпа Кондучаловадан жашынып баш жазып, Москва сахнасын багындырган Жапар Чабалдаев»


Жайдын саратаны, эч нерсеге көңүл чаппайт. Жашоо барган сайын кыйындап, көртурмушту ойлогон сайын депресняк кокодон алып, өткөн күн эмес, эртенкиң бүдөмүктөй. Өткөн күн демекчи, Келдибек байкеме телефон чалып, «өткөн күндөрдөн айтып бериңизчи?» дейм. «Билесиңби Сурат, күн күкүрт, жадагалса майкемдин эки капталын шамал келсин деп жыртып ийип, жарым жылаңач отурам» дейт. Андан ары сөзүн улап, айтылуу ырчы Жапар Чабалдаев жөнүндө кызыктуу окуяны баяндап берди...
– Жапар абам менен филармонияда чогуу иштешип калдым. А киши Жети-Өгүздүн Саруу айылынан болот. Болгондо да карачечекей кайнежем Орозкандын классташы, кошунасы болчу. Жапар аба мени «күйөө бала» дебей, атымдан да айтпай жезде дечү. Ар бир гастролго чогуу чыкканда «жезде, өзүң билесиң» деп койчу.
Баары эсимде, бир жолу Жалал-Абадга барып калдык. Анда Жапар абамдын оорусу күчөп турган кез. Түнкүсүн уктабай чыгат. Дарысын, суусун, тамагын сурайт. Ар кандай бөтөлкөлөрдө дары чөптөрдүн тундурмалары болор эле. Аларды бир-бирден ичет. Кээде экөөбүз тең уктабай чыгабыз. А күндүзү эч кимге догун артпай, шаңкылдаган үнү менен сахнага чыгып, ыр ышкыбоздорунун көңүлүн тапчу. Бир жолу ушундай уйкусуз түндөрдүн биринде Жапар абам мага кайрылып, «жезде, мен сага 1957-жылы Москвада өткөн бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалда кантип лауреат болгонумду айтып берейин» деп калды. Жапар абам узун кепти баштаганда эле уйкум умачтай ачылды. «Ошентип фестивалдын тандоо туру башталды. Катышкандардын санына санак жетпейт. Жыбырап эле жүрүшөт. Мен байкуш кээде «бекер эле келген окшойм, булардын чаңында калат окшойм» деп санаа чеге баштадым. Анда биздин маданият министри Күлүйпа Кондучалова эже жандап, саяпкерим болуп жүрөт. Анан эле турдан турга өтүп, акыры финалга чыктым. Буга чейин жакшы сөз айтпаган Күлүйпа эже финалга чыкканымды угуп алып, мени кучактап, айтпаган жакшы сөздөрүн жаадырды. Ал күнү Москва шаарында жашап, окуп, иштеп жүргөн жердештер менин финалга чыкканымды кызуу куттуктап, таң аткыча шапар тээп кеттик. Майлап-сүттөп, түн жарымынан өткөндө мейманканага келиптирбиз. Башым жаздыкка чала-була тийгендей болгон. Күн аркан бою көтөрүлүп калыптыр. «Сени Кондучалова эже издеп, жинденип атат, тур, жөнө!» деп калды бирөө, эсимде жок ким экени. Эптеп таксиге салып, «Күлүйпа эжеге алпар» дегендей болду. Күлүйпа эжени көптөрү «эркек-катын» деп коёр эле. Алдына барганымда орусча-кыргызча аралаштырып сөгүп-сагып калды. «Эй, сенде мээ барбы?! Саат 11де финал. Алдагы кебетең кантет? Кантип ырдайсың?» деди да, мени жандап жүргөндөрдү көздөн далдоо кууп салды. А мен өлгөнү араң турам. Баш сынат, ооз буркурайт, дендароо абалдамын. Өң-алеттен кетип, көзүм араң ачылат. Беттер жапжалпак. Күлүйпа эже экөөбүз ээрчишип алып фестиваль өтчү жерге бардык, колумдан жетелеп алган. Аңгыча эле Күлүйпа эжени телефонго бир аял чакырып калды. Кудай жалгап, анысы 1-кабатта экен. Биз 3-кабатта турганбыз. Эже мага кайрылып, «эч жакка кетпей ушу жерде тур, темтейбей!» деп ылдыйга кетти. Учурдан пайдаланып, ошол жерде лампочка которуп жүргөн электрик оруска жетип, «друг мой, умираю. Одну водку. Мужской туалет, где мусорка. Выручи!» деп жалбарып, колуна 25 рубль карматтым да, эже «туруп тур» деген жерде калп эле комузумду күүлөмүш этип туруп калдым. Эже келди. Аны менен кошо орусум да келди. Орус мен айткан туалетке кирип чыккандан кийин мага «апкелдим» дегендей белги берди. Ошого катар Күлүйпа эже да мени «келе комузуңду. Бар бети-башыңды жууп, сасыбай оозуңду жакшылап чайкап келчи. Сеникине карганда иттин өлүгү жакшы жыттанат. Тур, жөнө!» деп өктөм айтты. Учкан бойдон туалетке кирдим, эшигин илдим да, челектин түбүнөн орус апкелген кагазга оролгон оромолду ачсам, бир бөтөлкө арак, үч тилим колбаса, көк пияз жана стакан бар экен. Калтырап-титиреп атып стакандын ортосунан жогору аракты кекиртекке куйдум, артынан колбаса менен көк пиязды картылдата чайнап жибердим. Эки мүнөткө жетпей денемден шорголоп тер кетти. Өзүмө келе түштүм. Көз умачтай ачылды. Дагы кичине бастырдым. Анан бети-башты шалпылдата жуудум да, эженин алдына сыр билгизбей акырын басып бардым. «Өңүң жанагыдан жакшы. 9-болуп чыгат экенсиң. Азыр башталат. Ага чейин бир сыйра репетиция кылып кой» деп, өзү сахна жакка басып кетти. Комузду дагы бир сыйра күүлөп, ырдай турган ырымды ошол жерден ырдап көрдүм. Ичимен «жаман эмес» деп койдум. Ошентип сахнага чыкканда бир башкача үнүм ачылып, залды жаңырта ырдап, жарып ийгендей болдум. Көзүмдүн кыйыгы менен залда отурган Күлүйпа эжени карадым. Баягы кумсаңдап турчу кебетеси өзгөрүп, жадырап-жайнап, «жарайсың сарым!» дегенсийт. Ошондон бери «9» деген санды ыйык тутуп калдым жезде» деди дүйнө элин өзүнүн шаңкылдак үнү менен суктанткан Жапар Чабалдаев абам. Азыркы тил менен айтканда, Москвадагы өткөн бүткүл дүйнөлүк фестивалда гран-прини жеңип алган экен.
Сурат, билесиңби, Жапар абамдын бул жоругун эбак эле эл алдына айтып чыгармакмын. Ушу кезге чейин эч бир жерде айткан жокмун. Болгону бир жолу Жапар абамдын баласы Аскарга төкпөй-чачпай айтып берсем, «Келдике, атамдын артынан «ичет» деген жаман сөз ээрчибесин, айтпай эле койчу эч кимге» деп суранган. Андан бери далай суулар акты. Бери жагы чейрек кылым өттү. Ал Аскар уулу да кайтыш болуп калды. Бул нерсени эл алдына чыгарып, өзүм да жеңилдеп калдым. Аскар, мени кечир!.. 
"Азия Ньюс" гезити











