Элчи Гүлнара-Клара Самат министр Жээнбек Кулубаевди каралап атса, көпкө узабайт го...
“Өлалбай жатып өлөң айтат” деген кеп бар. “Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт” дейт. Анын сыңарындай, сөз удулу келип турат. Дипломаттар айдыңындагы келишпестикти, карама-каршылыкты учкай баяндайлы.
Курманбек Бакиев доорундагы Клара Кабилова, кийинки мезгилдеги Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы элчиси болгону мекендештердин жүгүн тарта албай, эки жылдан ашык убакыттан бери чайналып келатат. Канча ирет мигранттар бийликке арызданышты, укуктары тебеленгендер, элчиликтен дээрлик жардам күткөндөрдүн тилектери таш капса да этибар албады. Орус-кыргыз мамилесин чыңдоого, эки тараптуу дипломатиялык алаканы жаңылоого, жакшыртууга элчи айымдын шаасы жеткен жок. Тек гана интрига менен алектенип, ордун сактап калуу менен шугулданып келаткандай.
Ушул жерден баса белгилеп кетүүчү жагдай, Гүлнара-Клара Самат милдетин так аткарбаганы жогорку жетекчиликке жетип, ТИМдин ишенимин актай албай калганы тар чөйрөдө талкууга алына баштаган. Долуланган элчи чагымчылыкка алдырып, көмүскөдөн министр Жээнбек Кулубаевге кара пиар жасап, такталбаган имиш сөздөр менен бир жактуу жамандоого өткөн кербезиби? Вотсап группаларга, интернетке видеоматериалдарды таратканы, элдин башын айландырууга ашыкканы кандай? Биздин суроолорду ТИМдин тийешелүү адистери анализ жасашып, Москвадагы элчинин жүзүн ачып койсо болот. “Ичкен кудугуна түкүргөндөй” кыянаттыгы ачыкталабы? Ал эми дипломаттар арасында Жээнбек Кулубаевге каршы Гүлнара-Клара Саматтын акылга сыйбаган аракеттери талкууга алынып атканын кандайча чечмелейбиз? Сыпайы чөйрө азырынча көп былыктарды ичтерине катып турушкандай. Эмесе, кеп тизгинин тарта туралы. Гезиттин кийинки санында бүйүр кызымакчы...