Текебаев душманы Сегизбаевге үн катпаганы кандай? Түшүнүксүз ой туудурду
УКМКны башкарып турганда Абдил Сегизбаев “Белизгейт” операциясы менен Өмүрбек Текебаевди, Аида Салянованы жана Алмамбет Шыкмаматовду каралап салганы эсиңердеби? Үчөөнү үлкөн коррупцияга шектүү катары көрсөтүүгө ашыкканычы? “Булардын Белиз өлкөсүндө миллиондорду чапчыган үй мүлктөрү барбы?” дегендей суроолор жаралган. Аныгында, каралоо катары кабыл алганбыз. Көп өтпөй Абдил Сегизбаев УКМКнын аскерлери менен Өмүрбек Текебаевди чет өлкөдөн келаткан жеринен “Манас” эл аралык аэропортунан кармап, түрмөгө камап салган. “Маевскийден 1 миллион доллар алды” деген жарлык тагып... Дүйшөн Чотонов экөө үч жылга жакын убакыт түрмөгө отуруп чыгышты. Ал чуулгандуу иш бүгүнкү күнгө чейин да “Чубактын кунундай” созулуп, сот процесстери аягына чыкпай келет. Аныгында, тирүүлөй азапка салган Сегизбаевдин кылыгына Текебаев кечирип койгондой мамиле жасап, унчукпай отурат. “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” дейт. А камакка алган адамга карата кандай лакап айтылат? Же кечиримдүүбү?.. Сыягы, “Садыр Жапаров менин душманым, Абдил Сегизбаевдин да каршылашы болууда. Эмесе, биз бир фронттобуз...” деген маанайда биригип алышса, анда кандай болот? Кызык, кечээ эле ченебей кордук көрсөткөн адамга “Ата Мекендин” лидери көз жумду мамиле кылса, анда өзүнүн да күнөөсү бар экенин айгинелейби?..
"Азия Ньюс" гезити