Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ухандык кыздын жүрөк титиреткен күндөлүгүнөн үзүндүлөр

Ухандык кыздын жүрөк титиреткен күндөлүгүнөн үзүндүлөр

02-март, 14:16
3 156 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(/一个武汉女孩的日志 Шэнь Хаобо/沈浩波)

Шаар жабылды. Мага абдан коркунучтуу болуп жатат. Бизди ким куткарып алаар экен? Апамдын абалы күндөн-күнгө начарлап баратат...


23.01.2020

Апам телефондон кабарлады. Аны Цзиньиньтань бейтапканасына которгону жатышыптыр. Бул оорукана жакшыбы-жаманбы, түшүнө албадым.


26.01.2020

Апамдан айрылып калдык...


28.01.2020

Атамдын анализдеринин жыйынтыгы качан чыгат? Билбейм. Жанымды коёрго жер таппай турам. Дагы канчага чейин күтүү керек? Мен эч качан өзүмдү бүгүнкүдөй бактысыз сезген эмесмин.


29.01.2020

24-январда апамды ооруканага узаткандай эми атамды узаттык. Ал баардык күчү менен менден палатадан тезирээк чыгып кетүүмдү каалады жана эч качан бул жерге келбешимди жалынып суранды.


02.02.2020

Түшүмдө да издеп апамды көрө албадым. Бирок мен: “Апамды көрдүңөрбү? Ал атамдын дагы ооруп калганын билет болду бекен?” деп адамдардан, бейтааныштардан сурап издеп жүрдүм...


04.02.2020

Аба жетпей, дем жетпей кыйналуу кандай аянычтуу! “Асманга учуп кеткенде кенен дем алып калаар... атамды да алып кетчи?” деп айласыздан апамдан суранып ыйлап жаттым...


07.02.2020

Ата, мен сени дагы жоготтум... Сен апамды издеп кеттиң... Эми мени күткүлө!


08.02.2020

Мен дагы бул ооруну жуктуруп алыпмын... Кандай гана коркунучтуу...


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер