Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жогорку сотто Базарбеков отурганда, эч кандай реформа болбойт

Жогорку сотто Базарбеков отурганда, эч кандай реформа болбойт

30-сентябрь, 12:00
435 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Шаардык соттун эки судьясы ири көлөмдө пара алып жаткан жеринен УКМК тарабынан кармалышты. Буга чейин таза иштөө суранычы, талабы бир канча ирет айтылып келген. Президент Садыр Жапаров да какшаганы эсибизде. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков коллегаларына СМС жөнөтүп, коррупцияга каршы үндөгөн эле. Бирок анын сөзүн каакы ордуна көрүшкөн жок. Эмне кылуу керек? Мындай шартта башкы жетекчилерди алмаштыруу зарыл. Тартипти, тазалыкты сурай алышпаса, өздөрү үлгү болбосо, анан кайдагы натыйжаны айтабыз? Президент чечкиндүү кадам жасап, Жогорку соттон райондук соттордун төрагаларына чейин алмаштыруу шарт. Кантип эле фемиданын чыныгы кесипкөй өкүлдөрү калбай калсын? Бар да. Бирок бийлик аларды көрө билиши керек. “Эт же чел эмес” Замирбек Базарбеков беймаани отурганда, эч кандай реформа, өнүгүү болбосуна көзүбүз жетти. Тескерисинче, артка кеткенибиз айныгыс чындык катары кашкаюуда. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер