Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнө дурбөлөңү – 3

Дүйнө дурбөлөңү – 3

01-апрель, 18:39
1 157 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү дүйнө жүзү дүрбөп эле жатып калганы бизге көптөгөн жообу бүдөмүк ойлорду таңуулап койду. Чындап эле кооптуу абалга кептелбей коё албайсың. Эртеңки күнүбүз эмне болот? Кыргызстаныбыздын келечеги кандай абалга кептелет? Учурдагы дүйнө чакырыктарына шайкеш келген жашоо шарттарын түзүп, элибизди аман-эсен сактап, бекем тынчтыкты камсыз кылып бере алабызбы? Же күчтүү империялардын айтканын кылып, кыңк дебей баш ийип, алардын ыктыяры менен жашап калабызбы? Эгер андай болуп кетсе, кылымдарды карытып өз тилибизди, кулк-мүнөзүбүздү, каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды сактап көнгөн сапатыбызды биротоло жоготуп койбойбузбу? Кудай анын бетин ары кылсын! Мен өткөндө Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файдын пикирин окуп отуруп, азыркы дүйнө түзүмү бири-бирине чийеленишкен абалга кептелгенин дагы бир жолу туйдум. Ал дипломат айтып жатпайбы: “Украинанын айланасындагы орун алган конфликт Франция менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизбейт!” деп. Кудайга шүгүр дейли. Ошондой эле болсун. Бирок элчи андан ары оюн улап, өзүнүн президентинин сөзүнө таянып, “биз Россияга да, орус элине да каршы согуштук абалда эмеспиз” деди. Суроо пайда болот? Анда неге аталган өлкө ошол эле Россияга каршы Евроальянстын эң активдүү мүчөсү катары миллиондогон акча каражаттарын Украинага жиберип, анын согуштук кудуретин арттырып келет? Алтургай Франциянын өзүнө гана тийешелүү болгон, бирок эки кылымдан ашуун дүйнөнүн түркүн аймактарында локалдык согуштук дүрбөлөңдү күчөткөн, атактуу “чет элдик легионун” баш кылган атайын башкесерлерин Россияга каршы жөнөтүүгө белсенип жатат! 

Мындай суроолорду бир эле Еврокошуунга эмес, АКШ башында турган бир топ ири өлкөлөргө да берсек жарашат. Дүйнө дүрбөлөңүнүн күчөй башташы азыр эки векторлуу багытта кетүүдө. Биринчиси, Жакынкы Чыгыш болсо, экинчиси Россия-Украина-НАТО багыты. Мен мурдараак Жакынкы Чыгыштагы дүрбөлөңдүн себептерине, анын тарыхый жана саясый аспекттерине азыноолак токтолуп, сүрөттөп жазып келдим. Бирок, акыркы 11 жылдан бери Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал, мына бүгүн өзүнүн эң коркунучтуу, аянычтуу апогейине жетип отурат да! Тилекке каршы, бул согуштун жакынкы мезгилде токтой турган күнү бүдөмүк. Орустар менен украин эли – славян тукумдары. Өздөрүнүн тарыхын Киев Рустугу аркылуу байланыштырышат. Тилдери бир, салттары окшош. Диндери боюнча византиялык православ түркүмүнүнө баш ийишет. Алтургай үч жыл мурдагы жаңжалга чейин экөө тең бир автокефалдык бирикмеге таандык болушуп, орус православиялык чиркөөсүн медер тутуп келишкен. Алгачкы ирет өздөрүн рюриковчуларбыз деп башташып, анан романовдордун биргелешкен букаралары болуп келишти эле го? Гетмандар: Богдан Хмельницкий менен Иван Мазепанын өзгөчөлөнгөн тарыхый жоруктары деле акыр аягында эки элди элдештирип, бириктирип келгенин билебиз. Ооба, орто кылымдардан башталган, алардын жалпы тагдырына дүрбөлөң салган учурлар бир топ эле. Чынгызхандын династиясы, Швед падышалыгы, Литва княздыгы, Речь Посполитая ж.б. душмандар дагы орустун биримдигин буза алган эмес. Алтургай ошол мезгилдер үчүн украин деген этнос жөнүндөгү маалыматты дегеле тарыхтан таба албайсың, б.а. бир гана орустар деген түшүнүк. Анан эмне болду? Тез арада эле жогорудагы ортоктош баалуулуктар четке кагылып, большевиктердин акыркы жүз жылда эле калыптай койгон орус-украин аттуу уникалдуу этностук феномени таш талканы чыгып, чачылып-ыдырап жатып калды. 

Советтер союзунун тез арада эле талкаланып калышы дүйнөнү АКШ гегемондук кылган бир векторлуу түзүмгө оодарып салды. Акыркы 25 жылда Кошмо Штаттар Европаны өзүнө баш ийдирип алып, жер шарын каалагандай бийледи. Анын ичинде кандай гана саясый-экономикалык алааматтар орун албады! СССРден тараган союздук республикалардын аянычтуу тагдырлары, Афганистандагы кыргын, Ливия менен Ирактын ойрондолушу, жасалма “араб жазынын” кесепеттүү натыйжалары, мурдагы Югославиянын жырткычтыкта талкаланып бөлүнүшү жана алардын элинин аянычтуу абалы, Жакынкы Чыгыштагы жасалма-гибриддик согуштар, Сириянын ойрондолушу, Иран, Кытай жана Россияга бир тараптуу таңууланган санкциялык жана экономикалык чаралар XXI кылымдын алгачкы чейрегиндеги эң катаал окуялар болуп калды го!? Алдын ала тыкыр ойлонулган диний-конфессиялык кагылышуулардын уюштуруучулары дагы ошолор. Аталган тарыхый окуялар жөнүндө көптөгөн саясый-илимий макалалар, адабий чыгармалар, даректүү көркөм фильмдер жаралды. Мындан ары да уланат. 

Учурдагы дүйнө дүрбөлөңдөрүнүн ичинен Россия-Украина согушу өзгөчө орунду ээлеп турат. Анткени, бул жаңжалдын бүткүл дүйнөлүк таасир, натыйжасы болушу толук ыктымал. Чынында ошондой эле. 2022-жылдын 24-февралындагы Россия тарабынан Украинага каршы колдонулган Атайын согуштук операциясынын (АСО) башталышынын, албетте, себеби бар. Аны Россия жана Украина тарап өздөрүнүн кызыкчалыктарына ылайыктап түшүндүрүп келишет. Ооба, туура эле. Ар биринин өз чындыктары бар. Бирок, сырттан байкоо салып отурган адамдар үчүн бул тирешүүнүн себептери өтө эле тереңде экенин белгилеп коёлу. Мен эми эки элдин байыркы алакаларынан келип чыккан ыйкы-тыйкыны айтпай эле турайын. Аны тарыхтан жакшы билебиз. Сөзүбүз кечээги эле СССРдин ташталканы чыгып, чилдей тараган учурунан бери карай эле алалы. Ооба, талкалагыч феномендин авторлору АКШ баштаган Батыш-Чыгыш өлкөлөрү дейли. Бирок, “ичтен чыккан ийри жыландын” функциясын бири-биринен өлүп-талып бийлик талашкан Михаил Горбачев менен Борис Ельцин болушту да, туурабы? “Жандоочу кийик аттыраттын” ролун КПСС менен комсомолдун саткын функционерлери аткарышты. Номенкулатуранын көмүскө “жоокерлеринин” катарына “социалисттик кызыл-кулак соода кызматкерлери” менен Батыштын бузуку акчаларына азгырылган жазуучу-журналисттерди да кошолу. 

Натыйжада, социалисттик лагердин европалык компоненти болушкан ГДР, Польша, Румыния, Болгария, Чехословакия, Венгрия жана Югославия өз алдынча түтүн булатышып, Москванын “жылуу кучагынан” ойт берип чыга беришти. “Берлин дубалы” кулады, Варшава согуш блогу таратылды. Батыш 1954-жылы Черчиллдин Фултон шаарындагы атактуу сөзүнөн улам старт алган “муздак согуш” СССРдин толук жана биротоло талкаланышы менен аяктады. Акыйкаттык үчүн айтып коюу парз. Ошол эле учурда Батыш дагы НАТОнун таралышына убада берген. Алтургай 1991-жылга карата аталган согуш блогунун мойнуна Чыгышты көздөй бир дагы экспансиялык кадам шилтенбейт деген жоопкерчилик тагылган. Анан эмне болду? Тескерисинче, НАТО жогорудагы аталган мурдагы социалисттик мамлекеттердин баардыгын өзүнө толук кандуу мүчө кылып алды. Андан кийин ар түрдүү айлакер дипломатиянын амалы менен Украинаны өзүнө тартып кирди. Россия мындай жоруктарды бейкапар карап тура албай түрдүү аракеттерди көрө баштады. Киевдеги президент Виктор Януковичти кулатып, АКШнын жардамы астында төңкөрүш орун алгандан кийин президент Владимир Путиндин жетекчилиги астында Россиянын эки палаталуу парламенти Крымды кошуп алуу мыйзамын кабыл алышты. Андан ары Донецк жана Луганск аттуу жаңы республикалар пайда болуп, алар референдум жолу менен Россияга ыктыярдуу кошулуп беришти. Тарыхка кайрылсак, бир кездеги Новороссия биримдиги кайра жаралгандай болду. Мындай кырдаал Батыш менен НАТОну көксөгөн Украинага жакмак беле? Президент Пётр Порошенко жана айрыкча президент Владимир Зеленский АКШ менен Еврокошуунга уламдан-улам кайрыла беришип, алардан колдоо табышты. Натыйжада, Минск-1, Минск-2 жана Стамбул келишимдери түзүлдү. Эки тараптын тынчтык жолу, мунасага келүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү. Бирок, тилекке каршы, мындай тынчтык келишимдерди тараптар тыкыр аткарууга шашылышкан жок. Тескерисинче, согуштук кырдаал орун алып, Донбасс аймагында жашаган карапайым калк ырайымсыз түрдө согуштук зомбулукка кабыла баштады. Википедиядан алынган маалыматтарга таянсак, 2014-2021-жылдары жалпысынан, эки жактан биригип, 13400 адам набыт кеткен. Анын ичинен 4200 украиналык аскерлер, орустар жана анын тарапташтарынан 5800 аскер, 3390 жергиликтүү жарандар каза болушкан экен. Анысы аз келгенсип, 29600 адам оор жаракат алышкан. Мал-мүлктүн таланышы, өндүрүштүн, социалдык объектилердин ырайымсыз талкаланганын айтпасак да түшүнүктүү. Ушундай алааматты орус жана украин бир тууган славян элдери өз колдору менен жасап жатышат. Аттиң гана дейсиң! 

2022-жылдын февраль айындагы Россиянын Украинага каршы колдонгон АСОсы жогоруда белгиленген жоопкерчиликсиз кадамдардын натыйжасы катары орун алып отурат. Анан Украинага Еврокошуун, АКШ ачык эле колдоо көрсөтүп кирди. Россияга каршы катуу экономикалык санкция киргизилди, Украина армиясына мурда болуп көрбөгөндөй согуштук жардам бериле баштады. Алтургай “акчага жалданган согушчандар да катышып жүрүшөт” деген маалыматтар арбын. Биз эки жактын тең аскерий жана саясый пропагандаларын жакшы билебиз, анын чындыгын ажыратып таанууга кудуретибиз жетет. Айып эки тарапта тең бар. Анткени, бул апааттан канча адам каза болду?! Анын ичинен бейкүнөө кеткендери канча? БУУнун Жогорку комиссарынын башкармалыгынын эсеби боюнча эки тараптан биригип 1,5 миллион аскер адамдары каза тапкандары белгиленип келүүдө. Душмандашкандардын пропагандасына ишенсек, бул сандар 2-3 эсе көп берилип жүрөт. Канткен күндө да экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эле чоң кыргын ушул го? Демек, бул алааматты токтотуу керек да. Үмүт кимде? БУУ болсо өзүнүн позициясын Генералдык ассамблеясынын эске алып коё турган эле (рекомендация) декларацияларын кабыл алып коюусу менен чектелип отурат. Эгер чындап кирише турган болсо, бул уюмдун “көк каскачандар” корпусу эмне үчүн колдонулбайт? Эки жактын фронттук позицияларын жара бөлүп кирип, буфердик аймакты түзүп, элдешүү чараларын көрсө болбойт беле? Ой кетет. Демек, эки славян калктарынын кырылышына кызыкдар күчтөр үстөмдүк кылат экен. Ойду-тоону оргу-баргы сүйлөгөн Англиянын мурдагы премьер-министри Борис Джонсон: “Биз керек болсо украиналыктардын акыркы адамы калганга чейин күрөшүүнү улантабыз!” дегени эмнени каңкуулайт? 

Акыры Дональд Трамптын 2024-жылда 4-ноябрдагы президенттик ат салышууда ишенимдүү жеңиши орус-украин согушунун токтотулушуна бир топ жаңы үмүттөрдү жаратты окшойт. Ал демократ-президент Джо Байдендин ченемсиз каражатты Украина үчүн чачуу жоруктарын сындап кирди. Алтургай президенттик инаугурациясынын эртеси эле конкреттүү кадамдарды жасай баштады. Трамп өзү ишкер адам. Соодалашууну укмуш билет, аны ар кандай кырдаалдарда колдонуп көнгөн. Бул жолу да ал Украинага жумшалган 350 миллион доллардан ашык акчаны доолап отурат. Натыйжада, өндүрүп алуу үчүн Украинанын жер-сууда сейрек кездешүүчү кен байлыктарын берүүнү талап кыла баштады. Аны заманбап электроникага аба менен суудай керек болгон бир топ химиялык элементтерге бай украин жергеси кызыктырып отурат. Жыйынтыгында, Еврокошуунда паника башталды. Алардын ишенген кожосу тигинтип жатса, кандай келечек күтөт? АКШ менен Россия тил табышып алышып, согушту токтотуп, тынчтык келишимин түзүп салышса, Европанын тири укмуш жетекчилерин ким угат? Чынында, согуштук каражат, техника, заманбап инфраструктураны АКШ гана жетишерлик санда камсыз кыла алат. Космостук согуштук навигация, оор жана ыкчам колдонулуучу артиллерия, танктар менен авиация, абадан коргонуучу каражаттардын баары АКШнын арсеналында гана бар. Европалыктардын абалдары чектелүү эле. Россиянын президенти Владимир Путин бир топ чечкиндүү кадамдар аркылуу өнөктөшүнө айлана баштаган Дональд Трампка кол сунду. Экөөнүн жооптуу кызматкерлери Саудияда жолугушуп, алгачкы макулдашууларга жетише алышты. Ал эми президент Владимир Зеленскийчи? Ал дагы Еврокошуундун алдыңкы лидерлерине байланышып, Вашингтондо Трамп менен акыйнек айтышкан жолугушууга үлгүрдү. Дүйнө чымырканып байкап турат. АКШнын тарыхында чиеленишкен саясый кырдаалдан камырдан кыл сууругандай чыгып кеткен учурлар көп эле болгон. Бирок, азыр кырдаал башка. Классикалык дипломатиянын заманы эчак өткөн. Мисалы, Трамптын вице-президенти Джей ди Вэнс президент Ричард Никсондун “Уотергейт жаңжалынан” кийинки АКШнын абалын оңдоп кеткен Джеральд Форддун эрдигин көрсөтө алабы? Же мамкатчы Марк Руби атактуу кесиптеши Генри Киссинджердин деңгээлине шайкеш келген тышкы саясатты жөндөп кетеби? Ал эми президент Дональд Трамптын коопсуздук кеңешинин катчысы Майкл Уолтцтун дарамети дагы бир атактуу аналитик-профессор Збигнев Бзежинский жасаган жумуштарга чамалайбы? Албетте, алардын алгачкы кадамдары мага бир топ эле үмүттөрдү арттырып турат. Бирок, Владимир Путин баштаган орус истеблишменттери, биринчи кезекте, тышкы иштер министри Сергей Лавров, азыр дүйнөдөгү эң абройлуу даражага жетип отурушат. Эң башкысы, үч тарап тең бир мунасага келишип, дүйнө элин үчүнчү кыйраткыч, термоядролук согуштан аман алып калса болгону. Бул жерде Европага ишенүү кыйын. Алар ансыз деле 1-жана 2-дүйнөлүк согуштарды уюштурушкан. Миллиондогон адамдардын өлүмүнө күнөөкөр катары отурушат. Учурдагы алардын либералдык саясаты туташ кризистин кучагына малынды. Мындан кантип, качан чыгышат? Зор суроону талап кылат! 

Ушундай кырдаалда биздин сүйүктүү Кыргызстаныбыз акылдуу, токтоо, жоопкерчиликтүү тышкы жана ички саясатты жүргүзүү милдети күч алып турганын билсин, сезсин деп үмүт кылалы. Дүйнө кооптуу абалга кептелип турат. Демек, анын шойкомдуу таасиринен биротоло жашынып же бекинип кутулуп кете албайбыз. Азыр бири-бирине бекем чиеленишкен коомдо жашап жатабыз. Классикалык нейтралдуулукту тутунган өлкөлөрдүн заманы да өттү. Биздин өлкөнүн көп багыттуу тышкы саясаты, албетте, туура. Бирок, анын ичинен дагы стратегиялык өнөктөштөрүбүз бар. Биз, Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ), Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ), Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ), ж.б. ири интеграциялык түзүлүштөрдүн мүчөсүбүз. Бул эң сонун саамалык. Алардын алдындагы өз укуктарыбызды, милдеттерибизди сезебиз, аткарабыз жана колдонобуз. Башка маселе эки тараптуу мамилелешкен саясаттарыбыз. Ошол эле өз ара араздашкан Россия жана Украина менен да биз өнөктөш болуп келебиз. Алардын ортосундагы жаңжалга түздөн-түз аралашкан АКШ, Еврокошуун да Кыргызстан менен расмий алака кылып келет. Демек, өтө ийкемдүү, аяр мамиле кыла турган жөнүбүз бар. Өзгөчө белгилеп коё турган нерсе, албетте, ири мамлекеттер, интеграциялык бирикмелер өз кызыкчылыктарын көздөшүп, бөлүп-жаруу саясаттарын жүргүзбөй коюшпайт. Азыркы заманда мындай ыкма мыйзам ченемдүү эле көрүнүш эмеспи. Жаныбыздагы Кытай империясынын саясатын эске албай коюуга болбойт. Чек ара маселелерин биротоло бир жаңсыл кылып чечип алганыбыз – бул чоң олжобуз. Апрель айынын башында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган Еврокошуун менен Орто Азия өлкөлөрүнүн лидерлерини саммити өзгөчө орунду ээлегени турат. Албетте, бул форумдун ишине АКШ, Россия, Кытай, Индия, Иран, ж.б. ири державалар көз кырын азыртан эле сала башташты. “Чоң Фергана өрөөнүнүн дүрбөлөңүн” эңсеген сырткы жана ички күчтөр дагы деле толтура. Дүйнө дүрбөп турган мезгилде эффективдүү, пайдалуу тышкы жана ички саясатыбыздан Жараткан бизди жазгырбаса экен!


Каныбек Осмоналиев, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер