Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Курсан Асанов элдик инсан экени далилденүүдө

Генерал Курсан Асанов элдик инсан экени далилденүүдө

31-октябрь, 14:07
547 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


1-ноябрда милициянын кесиптик майрамы күтүлүүдө. Иралды, биз саясый куугунтукка алынган ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановду куттуктап, ден соолук, бекем кайрат каалайбыз! Бул күндөр да өтөт...

Аз күн мурун 15 чакты саясый элитанын каймактары Курсан Асановду колдошуп, президентке кайрылуу жолдошту. Эң башкысы, алар чыныгы генералга жасалып аткан кыянаттык иштерге кайдыгер карап тура алышпай, козголгон кылмыш иштери адилет, мыйзамдын алкагында каралышын суранышты. Андан сырткары да коомчулуктагы абройлуу инсандар Курсан мырзаны колдоп келатышат. Себеби, элдин көзү көрөгөч эмеспи. “Кызмат абалын кыянат пайдаланган, чыккынчылык кылган” деген жарлыктар менен эле ар нерсени токуй берсе болобу? Атамбаевди үйүнөн алып чыгууда Асанов эч кан төгүүсүз, сүйлөшүү жолу аркылуу иштин өтөөсүнө чыкты да. Ошол учурда “Кашкар, сен да быяктасыңбы?” деген экс-президенттин сөзүн укпадыкпы. Министр ылдыйкы кабатта эле жүрүптүр го? Анан ошого чычалап, кек сактоо кайсы логикага сыямак эле?..

Ток этери, убакыттын өтүшү менен генерал Асанов элдик инсанга айланууда. Коомчулук анын ишмердиктерин колдоп, “ириген” ИИМди жектеп атпайбы! Мындан өткөн дагы эмне керек?


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер