Рита Карасартова: “Жалпы журтка уу коргошун сунуштоону кылмыш катары эсептейм”
-- Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уу коргошун боюнча билдирүүсүнөн кийин нааразычылыктар көбөйүп, аны кылмыш жообуна тартуу керектигин талап кылгандар да болууда. Сиз министрдин бул билдирүүсүн кандай сыпаттайсыз?
-- Министр Бейшеналиев пресс-конференция берип, уулуу затты ошол жерден ичип, пландары жөнүндө айтып жатканы бул – мазактоо же пахтакорлук го. Анын максаты эмне болгону таптакыр түшүнүксүз болду. А балким муну менен элди чоң-чоң көйгөйлөрдөн алаксытуу аракети болгондур...
-- Бейтаптардын макулдугу жок уу коргошун кошулмасы менен дарылоо жүргөнү белгилүү болду. Дарыгерлердин мындай кадамга барышына мыйзам жол береби?
-- Негизи ар бир дары клиникалык изилдөөлөрдөн өтүп, протколдордун негизинде сертификат, лицензиялар берилгенден кийин гана колдонулат. Ата-бабалардан келаткан нерселер менен дарылоо кооптуу. Айрымдар уу коргошунду дары катары колдонушса да, мындай процедуралар тобокелчиликти талап кылат. Ал эми жалпы журтка аны сунуштоону кылмыш катары эсептейм. Мындай кадамдары үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек. Министрди көргөн адамдардын канчасы уу коргошун ичип мерт кетери да белгисиз. Экинчиден, медицина жаатындагы мыйзамдар бузулуп атат.
-- Маалыматтарга бейтаптардын арыздануулары да чыга баштабадыбы. Алар өз укугун коргоо үчүн кантип күрөшүүсү керек?
-- Эгер ошол бейтаптар арыз жаза турган болсо, укук коргоочулар, жактоочулар аларга жардам кылышат. Мындай мыйзамсыз кадамдарга каршы күрөшүү керек.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити