Акыркы кабарлар
» Саясат » Генерал Суваналиев Баткендеги чек араны, контрабанданы чечеби?..
Генерал Суваналиев Баткендеги чек араны, контрабанданы чечеби?..
15-февраль, 17:31

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп Өмүрбек Суваналиев дайындалды. Бул кабар коомчулук тарабынан кызуу колдоого алынууда. Эми чек ара чыры, элдин социалдык көйгөйлөрү жана контрабанда маселеси чечилеби? Эң башкысы, тажрыйбалуу генералдын Тажик бийлиги менен сүйлөшүүсү салмактуу нукка түшөрү айкын. Бирок, чек арадагы келишпестиктерди, жаңжалдарды эки өлкөнүн президенттери чечери белгилүү. “Жандооч кийик аттырат” дегендей, Суваналиев эми Баткен облусундагы алгылыктуу саамалыктардын баштоочусу, элдин жашоосун оңдоого чыйыр салуучу катары жетекчи болушу керек.

Aryba.kg