Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акыйкатчы Абдрахматова кызынын артынан белгисиз адам аңдыганын билдирди

Акыйкатчы Абдрахматова кызынын артынан белгисиз адам аңдыганын билдирди

07-сентябрь, 13:01
314 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгисиз адам акыйкатчы Атыр Абдрахматованын кызынын артынан түшкөн. Бул тууралуу ал акыйкатчы Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

«Азыр эле кызым кечээ кечинде аны мектептен үйүнө чейин белгисиз адам аңдып келгенин билдирди. Ал жолдун бир бөлүгүн классташы менен басып өткөн. Артынан адам келе жатканын байкаганда классташынын жанына чуркап барган. Жолдун бир бөлүгүн чуркап барып, подъездге кирүүгө үлгүргөн. Эркек жаран аны эшикке чейин ээрчип барган» деп жазган Абдрахматова.

«Варшавада жүргөндүктөн достор аркылуу милицияга болгон окуяны билдирүүгө туура келди. Улуту, болжолдуу сүрөттөлүшү көрсөтүлгөн. Кызымдын мага биринчи айткан сөзү: «Апа, мен юбка кийип жүргөн элем» болду. Юбка кийүү чындап эле жаманбы?” деп жазган акыйкатчы.

Акыйкатчы жарандарды балдарга сак болууга чакырды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер