Акыркы кабарлар
» Саясат » Сентябрда депутаттар өздөрүн таратышып, шайлоо 23-ноябрда өтөбү?
Сентябрда депутаттар өздөрүн таратышып, шайлоо 23-ноябрда өтөбү?
23-июнь, 18:13

Бизге жеткен маалымат боюнча алсак, сентябрда парламент өзүн таркатуу менен кетишери каңкууланды. Шайлоо 23-ноябрга белгилениши мүмкүн. Бул божомолдун негиздүүлүгү мезгилге жараша ишке ашары айтылып, депутаттар эмитен эле тыбырчылашып, округдарына байма-бай каттап калышты. “Кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” демекчи, азыркы эл өкүлдөрүнүн 20-25 пайызы гана кайрылып келиши ыктымал. Жогорку Кеңештин буга чейинки кадыры канчалык төгүлгөнүн билесиңер. Андыктан, элибиз деле жаңы жүздөрдү, билимдүү, тажрыйбалууларды шайлоого ынтызар. Тилекке каршы, баягы эле акчага азгырылып кетишерин да эскертип коёлу. Бул жолку күрөштүн фовориттери жалаң капчыктуулар болору айныгыс чындык. Талапкер миңге чейин үгүтчү жалдоого жаңы мыйзам уруксат берерин уккансыңар да. Мындай учурда калтаң калың болсо гана талтаңдайт окшойсуң... "Азия Ньюс" гезити











