Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Өкмөт шаштырат, анан биз айла жок колдоп беребиз...”

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Өкмөт шаштырат, анан биз айла жок колдоп беребиз...”

06-март, 12:18
539 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Исхак Абсаматович, “Адилет” укуктук клиникасы акыркы кездерде “мыйзам долбоорлору шашылыш, регламентти бузуу менен кабыл алынып жатат. Натыйжада мыйзамдар чийки болуп калууда” дегендей сын менен кайрылды. Сиз бул пикирге кошуласызбы?

-- Туура эле. Биринчи күндөн баштап эле ошондой болуп атпайбы. Көптөгөн маанилүү мыйзамдар шашылыш кабыл алынды. Мисалы, чек ара боюнча Конституциялык соттун корутундусу керек болчу. Казино боюнча мыйзамды да жоо куугундай шашып, үч окуудан кабыл алдык эле, алиге чейин бир да ишкана ачылган жок. Андай болгон соң шашкандын эмне зарылчылыгы бар эле? Андыктан, Чолпон Идиновна туура эле маселе коюп атат. Өкмөт шаштырат, анан кесиптештерибиз айла жоктон колдоп беришет. Туура, регламенттин чегинен чыккан кээ бир учурлар болуп калышы мүмкүн. Мисалы, жер титирөө, суу каптоо сыяктуу өзгөчө кырдаалдар болуп калса. Ал эми калган учурларда мыйзамдар регламентти катуу сактоо менен кабыл алынууга тийиш. Долбоор бир ай сайтка илинип, коррупцияга каршы экспертизадан өтүп дегендей.

-- Кээде мыйзамдарды бир эле күндө үч окуудан кабыл аласыздар. Регламент ошого жол береби?

-- Эгер фракциялардын баары макул болсо, дароо үч окуудан кабыл алганга регламент жол берет. Бирок, талашсыз мыйзамдар болсо.

-- “Адилет” укуктук клиникасы парламентке кайрылды. Эми сиздердин реакция кандай болот?

-- Ал төрагага кайрылды да. Аппарат “эске алынсын, кемчиликтер мындан ары кайталанбасын” деп коёт, болду. Албетте, эске алсак жакшы эле болмок. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер