Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жоолукту эрте оронгонума өкүнөм. Ичимен шайтан азгырат...

Жоолукту эрте оронгонума өкүнөм. Ичимен шайтан азгырат...

29-июнь, 17:07
395 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жоолук оронгонума эки жылга жакындап калды. Күйөөмө жүдөп жүргөн жакпайт, анын жанында аябай ыңгайсыз боло берем. Билем, эң биринчи “Аллахтын ыраазычылыгы үчүн” деп ниет коюп салыныш керек болчу. Жоолукка анча көнө албай, жаңы үй-бүлө күтүүдөн да башында кыйналдым. Кайын журтум заманбап жүргөн адамдар. Буга чейин чачымды жайып, аябай жасанып жүргөн кыз болчумун. Күйөөм менен таанышканда жоолукта эмес элем, бирок “салынам” деген ниетим бар болчу. Айтарым, күйөөм жасанып, чачтарын жайып жүргөн кыздарды жакшы көрөт. Эки жылда өзүмдү эркин алып жүрө албай койдум, арыктап да кеттим. Күйөөң жоолукту түшүнгөн инсан болсо, аябай колдоо болот экен. А мен күйөөм менен келише албай, эки жакта жашап жатабыз. Кээде ичимден шайтан азгырып, чечким келип кетет, өкүнгөн учурларым көп. “Ушинтип өкүнүп салынганым кабыл болуп жатабы?” деген ойлор кыйнайт. Айтор, бушайманмын. Кыздарга кайрыларым, жоолук ороноордо жети өлчөп, бир кескиле.


Динара 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер