Курт-кумурса, келемиш жеген кытай ашканаларын убактылуу жабуу керек
Коронавирус күч алган сайын элдин кооптонуусу да күч алды. Журналист Индира Куралбекова соцбаракчасынан төмөндөгүдөй сунушун жолдогон.
Кытайда эшек, жылан, курт-кумурска, ит-мышык, жапайы айбанаттардын этине чейин жешет жана алардын эттерин коомдук тамак-ашта пайдаланышат. Балакеттин баарын жеп алышып, ооруларды жуктурушуп, түрдүү инфекцияларды жаратышып, андан бүтүндөй дүйнө эли жабыркап жатат. Коронавирус оорусунун алдын алуу максатында борборубуздагы кытай ашкана-ресторандарынын ишмердүүлүгүнө убактылуу чектөө киргизүүнү сунуштайм. Балким, бул кээ бирлерге жакпай калаттыр. Түшүнөм, бизнес, акча жана башка маселелер. Бирок, элдин саламаттыгы акчадан маанилүү. Аталган илдет коңшу өлкөлөргө кирип келгенин массалык маалымат каражаттары байма-бай жазып жатат. Бул чоң коркунуч. Кытай мамлекети Кытайдан келген эт азыктарын биздин өлкөгө киргизүүгө убактылуу тыюу салынганын туура түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойм. Учурда саламаттык сактоо министрлиги ыкчам аракеттерди көрүп жатканы кубандырат. Бирок, “сактыкка кордук жок” дейт, мен айткан сунушту эске алып коюуңуздарды өтүнөм.