Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаныңда эң жакын адамыңдын жүрөгү согуп турса, ошол байлык экен...

Жаныңда эң жакын адамыңдын жүрөгү согуп турса, ошол байлык экен...

19-июль, 18:16
2 012 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күйөөм экөөбүз бир арзан кафеде кофе ичип отурдук. Жаңыдан баш кошконубузга аз гана убакыт болгон. Өмүрлүк жарым жапжаш, татынакай, акылдуу жигит болчу. Жаштайынан ата-эне мээриминен ажырап, турмуштун ачуу-таттуусуна кагылып өскөн күйөөмдү аябай жакшы көрчүмүн. Бирок дал ошол кафеде отурган маалда менин эч кимге айтпаган арманым ичимди өрттөп жаткан эле. Анткени, менин үстүмдө менин сулуулугумду басмырлап, аёосуз жашырып турган эски пальто бар эле. Өңү да өчүп, четинен түлөгөн пальтомду жек көрүп, ыңгайсыз болуп, аны кийип отурганыма намыстанып, жандүйнөм эңшерилип турду. Какаганга муштаган болуп, отурган жерибиз арзан кафе жана даамы жок кофе... Качан биз эл сыяктуу жакшы кафеде отуруп тамактанып, жарашыктуу кийим кийинип, татыктуу жашайбыз?” деген караңгы ойлор жүрөгүмдү мите курттай талап, маңдайымда отурган жигитти тандаганыма өкүнүп да кеткен элем. 

Ал эми күйөөм болсо менин жанымда отурганына жетине албай, колдорумду улам сылап, жоодураган сулуу көздөрү менен жалооруй карап, жүрөгүндөгү мага болгон сүйүүсүн жүзүнөн билдирип, жадырап-жайнап отурган эле. Менин ичимдеги арманым көзүмдө ок болуп кадалып турса да көрмөксөн болуп, “коркпо алтыным, баары жакшы болот” дегендей үнсүз көз караштары менен жубатып, эркелетип турду... 

Бирок ал байкушум жаштайынан эле өмүр менен кош айтышып, мени жалгыз таштап кетти. Ал экөөбүз баштаган иштер оң жолго түшүп, ишим улам илгерилеп, жашоомдо жакшы кафе-ресторандарга, кымбат кийимдерге, көп суммадагы эсептерге, кооз жасалгаларга, акыркы үлгүдөгү унаага, эки кабат заңгыраган үйгө да жеттим. Бир карасаммен арман кыла турган эч нерсе деле калган эместей... Бирок мен ошол арзан кафедеги кичинекей убакыттагы көз ирмемдерди ар дайым эсиме түшүрөм. Колумдан келсе ошол бактылуу сааттарга убакытты түрдүрүп барып, күйөөмдүн жоодураган көздөрүнөн бир да секунд көз айырбастан карап, анын колдорунан, чачтарынан эркелетип сылап, өзүм да эркелеп отургум келет... Анын мага дем болгон сулуу көздөрү үчүн, адамдык карааны үчүн баарын берет элем... Эх, аттиң! Көрсө, дал ошол убакытта жашоомдогу чыныгы бай болгон кезим экен... 

Алына турган сабак: маңдайында согуп турган эң жакын адамыңдын жүрөгү дүйнөдөгү эң чоң байлык экенин унутпайлы!


Айжан 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер