Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аламанга карай кайсы партиялардын таасири артышы ыктымал?..

Аламанга карай кайсы партиялардын таасири артышы ыктымал?..

04-сентябрь, 00:51
573 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шайлоо үгүтү башталганга чейин эле партиялар ортосунда араздашуулар, бири-бирин каралоо, кайым айтышуулар күчөп кетти. Өзгөчө “Кыргызстан” партиясына батышчыл-оппозициячыл күчтөрдүн атакага өткөнүнө күбө болдук. Коомчулук копшолуп, козуп кетүүгө даяр болуп калдыбы? Көмүскөдөгү “дирижерлор” стабилдүүлүктү бузууга, элди көтөрүүгө кызыкдар болушу ыктымал. Бул өңүттөн алганда, оппозициялык көп күчтөр жөн гана жатып алмак беле?..

Алдыдагы парламенттик шайлоодо кайсы партиялардын таасири артышы мүмкүн? Учурда “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партияларынын таскагы катуу угулууда. “Республика” да алдыңкы топторго жакындашып баратат. Ал эми протесттик электоратка басым жасаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы оппозициялык маанайдагы элдин добушун алууга шансы чоңбу? 

Реалдуу күрөштө жалаң эле Акүйчүл партиялар Жогорку Кеңешти ээлеп албайт. Буга чейинки шайлоолорду жасап, административдик ресурстун басымы менен өткөрүшкөнү, президенттерден “добро” алышкандар жасалма түрдө БШКдан катталышканы жалган беле? Бул саам элдин тандоосу өзгөрдү, пандемиядан кийинки кырдаал да башка. Андыктан, бийлик да адилеттүү алкакта орбитр болуп берерине үмүт бар. Таза шайлоо – мамлекеттүүлүктүн бекемделишине, туруктуулуктун камсыздалышына гана керек. Өтө маанилүү көрсөткүч ушул. 

Учурда партияларга карата саясат талдоочулар, эл аралык байкоочулар ар кандай божомолдорду жасап келишет. “Кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” дегендей, алдыртан таккесе картинаны тарта салуу кыйын. Ошентсе да “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларынын дымактары, таасири артып баратканы байкалат. Ошого катар “Республиканын” да арымы катуулай баштады. “Бүтүн Кыргызстанга” болсо, бийликти жактырбаган электораттын бурулуп кетүүсү реалдуулукка айланышы мүмкүн. Мына ушул саясый күчтөрдүн алдыга озо турганын, шансын боолголоп турсак кандай?

Ал эми “Замандаш” партиясы азырынча арсар абалда, мындан аркы дараметтери алгылыктуу кетсе, балким...

Дагы да узун тизме калып калдыбы? Ошол эле “Ата Мекен”, “Реформа”, “Чоң казат”, “Мекенчил”, “Бир Бол”, “Ордо” ж.б. партиялардын парламентке өтүүгө күчтөрүн, эл астындагы колдоосун сезбей турам. Дүйнөлүк практикада деле айрым “үйүр топтор” атын чыгаруу, жөн гана эксперимент жасоо үчүн да шайлоолорго катышууга белсенишет. Булардын айрымдары ошондой эмеспи? Айтмакчы, олуттуу божомолдор боюнча, береги партиялардын кээ бири Батыштын долбоорлоруна “сугарылышып”, шайлоодон кийин чыр-чатак чыгарууга даярдыктарын көрүп атышабы? 

Кыскасы, улам күн өткөн сайын баары ачыктала баштайт. Адатта туура анализ жүргүзүүнүн үлгүсүн көрсөтө бермекчибиз...


Баргы Кусейинов

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер