Улукбек Кочкоров: “Таза шайлоо өткөрүү үчүн акчага сатып алууну жоёлу”
-- Шайлоо жөнүндө мыйзамдардын өзгөрүшү жана анын таза шайлоого болгон таасири жөнүндө оюңузду билдирсеңиз?
-- Президент сунуштап жаткан мыйзам болсо деле, аны депутаттар ойлонуп кабыл алыш керек. Анын кесепетинен эртең дагы революция болуп кетпегидей болуш керек. Элдеги нааразычылыктардын баары дал ушул шайлоо мыйзамдарынын бузулганынан келип чыккан. Негизинен алганда, ЖКга депутаттар партия мененби же бир мандаттуу округдан келеби, анысы маанилүү эмес. Бул жерде акча маселесин таптакыр жокко чыгаруу керек. Антпесе, партиялык тизмеде деле, бир мандаттууда деле жалаң байлар келе берет. Эгер партиянын ичинен конкреттүү бир адамга добуш бере тургандай система түзүлүп, акча берүүнү алып салса, ошондо туура болот. Эгер андай болсо партиялар дагы эл ичинде абройлуу, эмгеги сиңген адамдарды өз катарына чакыра баштайт. Ал эми акчасына ишенген, элди сатып алып көнгөн кандидаттар четтеп калмак.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити