Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ахматбек Келдибеков тарыхта күчтүү, орду бийик төрага катары калат

Ахматбек Келдибеков тарыхта күчтүү, орду бийик төрага катары калат

18-декабрь, 22:47
938 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомчулукта парламенттин мурдагы төрагаларын, депутаттарды талкуулап жатышат. Ар ким алына жараша баа беришет эмеспи. Сөз кыябы келип турган соң, мындайда калыс, адилеттүү көз караштан тайбайлы. 

Ооба, “Легендарлуу парламенттен” бери татыктуу спикерлерди санай келсек беш манжа жумулбайт. Биз алардын ичинен Ахматбек Келдибековдун орду өзгөчө, бийик экенин баса белгилейли. Ал Жогорку Кеңештин төрагасы кезинде президент менен теңата сүйлөшүп, бийликтин басымында калбай, ошол эле кезде эл өкүлдөрүнө тең караганы эсибизде. Агезде парламент демократиялуу, атаандаштыктын жарышында иш алпарчу. Депутаттар эркин ой-пикир айтууга эгедер эле. Аныгында элдин үнү жаңырып турчу. Кыска аралыкта Ахматбек Келдибеков төрага катары Жогорку Кеңештин аброюн көтөрүүгө зор салым кошуп, мамлекетке кызмат кылуунун жогорку үлгүсүн жаратып, белдүү саясатчы экенин көрсөтө алган. 

Бирок, “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендей, ага карата каралоолор, куугунтуктар күч алып, аягы камакка алууга чейин барышканы эсибизде. Саясаттын кеңири тарыхына көз чаптырсак, ар дайым күчтүү лидерлерге карата бут тосуулар боло келет тура. Албетте, мындай көрүнүштөр убактылуу. “Баткан күндүн аткан таңы бар” дегендей, Ахматбек мырзанын да жолу ачыла турган убак алыс эместир. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер